Телефон: 8-800-350-22-65
WhatsApp: 8-800-350-22-65
Telegram: sibac
Прием заявок круглосуточно
График работы офиса: с 9.00 до 18.00 Нск (5.00 - 14.00 Мск)

Статья опубликована в рамках: LXXXIII Международной научно-практической конференции «Современная психология и педагогика: проблемы и решения» (Россия, г. Новосибирск, 17 июня 2024 г.)

Наука: Педагогика

Секция: Современные технологии в педагогической науке

Скачать книгу(-и): Сборник статей конференции

Библиографическое описание:
Акунова А.Р., Абдивалиева З.А., Эсенканова Э.Э. БАЛДАРДЫ МЕКТЕПКЕ ДАЯРДОО КЛАССТАРЫНДА СӨЗ ӨСТҮРҮҮ САБАГЫНДА ОКУУ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮН УЮШТУРУУНУН АЙРЫМ ЖОЛДОРУ // Современная психология и педагогика: проблемы и решения: сб. ст. по матер. LXXXIII междунар. науч.-практ. конф. № 6(80). – Новосибирск: СибАК, 2024. – С. 148-153.
Проголосовать за статью
Дипломы участников
У данной статьи нет
дипломов

БАЛДАРДЫ МЕКТЕПКЕ ДАЯРДОО КЛАССТАРЫНДА СӨЗ ӨСТҮРҮҮ САБАГЫНДА ОКУУ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮН УЮШТУРУУНУН АЙРЫМ ЖОЛДОРУ

Акунова Айнура Рысбековна

педагогика илимдеринин доктору, проф. м. а., И. Арабаев атындагы КМУнун педагогика,

Кыргызстан, Бишкек

Абдивалиева Зубайда Ашимовна

магистранттары, И. Арабаев атындагы КМУнун

Кыргызстан, Бишкек

Эсенканова Элиза Эсенкановна

магистранттары, И. Арабаев атындагы КМУнун

Кыргызстан, Бишкек

НЕКОТОРЫЕ СПОСОБЫ ОРГАНИЗАЦИИ УЧЕБНОЙ ДЕЯТЕЛЬНОСТИ НА УРОКАХ РАЗВИТИЯ РЕЧИ В ПОДГОТОВИТЕЛЬНЫХ КЛАССАХ

 

Акунова Айнура Рысбековна

д-р пед.  наук, и.о. проф., Кыргызский государственный университет имени И. Арабаева,

 Кыргызстан, г. Бишкек

Абдивалиева Зубайда Ашимовна

магистрант, Кыргызский государственный университет имени И. Арабаева,

 Кыргызстан, г. Бишкек

Эсенканова Элиза Эсенкановна

магистрант, Кыргызский государственный университет имени И. Арабаева,

 Кыргызстан, г. Бишкек

 

SOME WAYS OF ORGANIZING COURSE ACTIVITIES IN LANGUAGE DEVELOPMENT LESSONS IN PREPARATORY CLASSES

 

Ainura Akunova

Doctor of Pedagogical Sciences, Prof., Kyrgyz State University named after I. Arabaev,

Kyrgyzstan, Bishkek

Zubaida Abdivalieva

Master's student, Kyrgyz State University named after I. Arabaev,

Kyrgyzstan, Bishkek

Eliza Esenkanova

Master's student, Kyrgyz State University named after I. Arabaev,

Kyrgyzstan, Bishkek

 

АННОТАЦИЯ

Бул макалада балдарды мектепке даярдоо процессиндеги окуу ишмердүүлүгү тууралуу каралат. 6 жаштан мектепке келген кенже мектеп окуучуларынын сөз байлыктарын өстүрүп, байланыштуу кебин калыптандыруудагы айрым маселелерге токтолдук. Дидактикалык материалдар аркылуу оюн ыкмасы менен сабактарды уюштуруунун артыкчылыгы баса белгиленди.

АННОТАЦИЯ

В данной статье рассматривается образовательная деятельность в процессе подготовки детей к школе. Мы сосредоточили внимание на некоторых вопросах развития словарного запаса, формированию связной  речи  младших школьников, поступающих в школу с 6 лет. Подчеркнуто преимущество организации занятий игровым методом с использованием дидактических материалов.

ABSTRACT

This article discusses educational activities in the process of preparing children for school. We focused on some issues of vocabulary development, the formation of coherent speech younger schoolchildren entering school at the age of 6. The advantage of organizing classes using the game method using didactic materials is emphasized.

 

Түйүндүү сөздөр: балдарды мектепке даярдоо, сөз өстүрүү, сабат ачуу, алты жаштан окуу, башталгыс мектеп, «Наристе» прграммасы, окуу борборлор. оюн ыкмасы, дидактикалык материалдар.

Ключевые слова: подготовка детей к школе, развитие речи, обучение к граммоте, обучение с шести лет, начальная школа, программа «Наристе», образовательные центры, игровой метод, дидактические материалы.

Keywords: preparing children for school, speech development, literacy training, education from the age of six, primary school, Nariste program, educational centers, game method, didactic materials.

 

Башталгыч класстардын окуучуларынын чың билим, ойдогудай тарбия алышында эне тилди окутуунун баа жеткис мааниси бар. Окуучуларды сабатка үйрөтүү мезгилинен баштап, балдарды мектепке даярдоодогу «Наристе» окуу  программасына ылайык окутууда алардын тез чарчап, көңүл буруусу пассивдүү абалда калтырбоо үчүн оюн формасындагы материалдарды пайдалануу зарылдыгы туулбай койбойт. Окуучуларды сабатка үйрөтүүдө жана кыргыз тили сабактарында балдардын тез чарчап калышын четтетүү үчүн оюндун элементин колдонуу пайдалуу. Бул жөнүндө көрүнүктүү педагог В.А.Сухомлинский: «Кенже класстарда,өзгөчө төртүнчү класста, бала ой-акылды топтоодон тез чарчайт. Балдарды акыл аракеттеринин узакка созулган чымыркануу абалында кармоого болбойт. Бала эс алгыдай тапшырмаларды табуу керек бул бүтүндөй бир зор проблема»-деген. Балдардын акыл эсин, ойлоосун өстүүрүдө дидактикалык оюндардын табышмактардын жаңылмачтардын, сөз түрүндөгү оюндардын пайдасы чоң. Кыргыз акын-жазуучуларынын «Бир тамгада ката бар», «Уйкаштарын өзүң тап», «Аяккы сөздү өзүң тап», «Баш тамгасын өзүң тап», «Эмнени сүйлөштү», «Бүгүн баары тескери» өңдөнгөн материалдар оюн түрүндө колдонууга өтө ыңгайлуу.

Көрүнүктүү педагог Н.К.Крупская оюн балдардын турмушунда чоң мааниге ээ экенине токтолуу менен: «…Оюн-алар үчүн окуу, оюн-алар үчүн эмгек, оюн-алар үчүн тарбиялоонун формасы» - деп бекеринен айткан эмес. Балдарды мектепке даярдоодо сабат ачуу, сөз өстүрүү борборлорунда окутууда оюндун элементин колдонуу окуучулардын билим алуусун арттырып, кызыгуусун арттырып, кызыгуусун күчөтө тургандыгы иш практикада белгилүү болду. Баланын ойлоосун, ойлоо жөндөмдүүлүгүн өстүрбөй туруп, анын сөзүн өстүүрүгө мүмкүн эмес. Окуучунун ой жүгүртүүсүн канчалык активдүү болсо, сөзү да өсүп өнүгөт Ошондуктан элибизде: «Ой-сөздүн булагы», «Ой-океан, тил булак», «Ойлоого баш керек», «Тунук ой деңиз», «Акыл кайдан табылат, ой болбосо, кийиз кайдан табылат кой болбосо», Сүйлөөдөн мурун ойлон», «Тил ойдун сандыгы»-өңдөнгөн маклдар бекеринен чыгарылган эместир. Бул акылман макалдар ата-бабаларыбыздын жүздөгөн жылдар бою жашоо турмушундагы кылдат байкоолорунан чыгарылып, кылымдарды карытып,элибиз тарабынан унутулбай колдонулуп келе жаткандыгы талашсыз факты эмеспи.

К.Д.Ушинский: «Акыл гимнастикасы-акыл күчүн талашсыз өстүрөт»-деген. Балдарды мектепке даярдоодо окуучулардын сабат ачуу, сөз өстүрүү сабактарын өздөштүрүүсү, аларды түшүнүү, кабыл алуусу, эсте сактоосу, билими да бирдей эмес, ар түрдүү. Башкача айтканда, жакшы, орточо, начар өздөштүргөндүгү да жолукпай койбойт. «Наристе» программасы боюнча программалык талаптагы билимдерди берүүдө, окуучулардын кызыгуусун арттырууда, ойлоо жөндөмдүүлүгүн өстүрүп, сөзүн байытууда дидактикалык оюндарды колдонуунун баа жеткис мааниси бар.

Дидактикалык оюндар да окуучулардын психологиялык жана жаштык өгөчөлүктөрүнө ылайык педагогиканын алтын эрежеси болгон: «Жөнөкөйдөн-татаалга, жеңилден-оорго, белгилүүдөн белгисизге» карай сунуш кылынат. Окуучулардын кабыл алуусун активдештирүү үчүн адегенде элдик оозеки чыгармалардын кичинекей формасы болгон: макалдар, табышмактар, жаңылмачтар, бат айтмалар, оюн ырлардан пайдалануунун мааниси чоң. Анткени, алар балдар тарабынан жандуу кабыл алынып, абдан эмоционалдуу, кызыктуу келет, өтө кыска, так-таамай айтылып, турмуштагы чыныгы чындыкты көркөм чагылдырат.

Окуучулардын тыбыштык маданиятын тарбиялоодо, алардын фонематикалык угуу сезимин өстүрүүдө «Бат айтмалар» менен «Жаңылмачтардын» ролу зор. Жогоруда аталган чыгармалар окуучулардын сөз маданиятын өстүрүүдө,эстетикалык тарбия берүүдө олуттуу мааниге ээ. Бул жөнүнө А.С.Пушкин: «Действительно, пословицы -это золотые россыпи в нашем языке»-деген. Элибизде «Майкана (балдардын оюну) көрбөй, бала оңолбойт», «Эне тили-ойду өстүрөт, эне сүтү бойду өстүрөт»-деген накыл кеп бар.Бала эне тилди мыкты үйрөнүүдө оюнду колдонуунун мааниси зор. Тил менен ойлоо бирдикте экндиги барыга белгилүү. Бул жөнүндө К.Д.Ушинский: «Кимде-ким окуучунун сөзүн өстүргүсү келсе, баарыдан мурда ойлоо жөндөмдүүлүгүн өстүүрүү менен чектөөгө болбойт. Улуу педагог К.Д.Ушинский: «Балдар форма аркылуу, ар түрдүү боёктор аркылуу ар түркүн сезүү туюмдар жана үн чыгаруулар аркылуу ойлонот»-деп баса белгилейт.

Дидактикалык карточкалар этиш сөздөрдүн синонимдерин таптырууда да колдонулат. Алсак: жүгүр-чурка, сүйлөдү-айтты, жолугушту-кезигишти, күлдү-каткырды жана башкалар. Этиштин антонимдерин таптырууга өзгөчө макалдардан пайдалануу ыңгайлуу. Акыл жугушат, бакыт оошот; Арык семирет,  ач тоюнат; ат тойгон жерине качат, азамат туулган жерине шашат жана башкалар. Сөз түркүмдөрүн окутууда ар түрдүү типтеги дидактикалык карточкаларды түздүрүү жана аны менен иш алып баруу окуучулардын ойлоосун, байкоосун өстүрүп, сөз байлыгын арттырат. Ал дал ушул өзгөчөлүгү менен баалуу болуп саналат. Алты жаштагы окуучулардын ойлоосун, сөзүн, акыл-эсин өстүрүүдө дидактикалык оюндардын, сөз түрүндөгү оюндардын мааниси зор. Анткени, оюн аларды баамчылдыкка тарбиялоо менен бирге сөзүн, ойлоосун, ойлоо жөндөмдүүлүгүн өстүрөт. Айлана-чөйрөдөгү жаратылыштагы, коомдогу окуяларды, кубулуштарды заттарды бири-биринен ажырата билүүгө, айырмалоого жана салыштыра алууга үйрөтөт. Окуу процессинде өздөштүрүүгө кыйын болгон тилдик материалдарды оюнду пайдалануу аркылуу жеңил эле үйрөнүүгө жол ачылат. Оюн түрүндөгү материалдарды мугалим канчалык кылдаттык менен колдоонсо, окуучуларда оң эмоциялар пайда болуп, моралдык жана эстетикалык рахат алышат. Оюн окуучулардын кеңири ой жүгүртө билүүгө, эсте тута билүүгө, чыгармачылык жөндөмүн өстүрө билүүгө, байкагычтыгын, баамчылдыгын, арттырууга, кыраакылыкка, тапкычтыкка, эпчилдикке, ийкемдүүлүккө тарбиялайт.

 

Колдонулган адабияттар:

  1. Акунова А.Р. Окуганды үйрөнөм (окуу куралы).- Бищкек, 2017.-95 бет.
  2. Балдарды мектепке даярдоо программасы «Наристе» (480 саат). Бишкек, 2012.- 111 бет.
  3. Сартбаев К. Башталгыч мектепте кыргыз тилин окутууда дидактикалык оюндарды колдонуунун жолдору. –Бишкек, 2014 .- 40 бет.
Удалить статью(вывести сообщение вместо статьи): 
Проголосовать за статью
Дипломы участников
У данной статьи нет
дипломов

Оставить комментарий

Форма обратной связи о взаимодействии с сайтом
CAPTCHA
Этот вопрос задается для того, чтобы выяснить, являетесь ли Вы человеком или представляете из себя автоматическую спам-рассылку.