Телефон: 8-800-350-22-65
WhatsApp: 8-800-350-22-65
Telegram: sibac
Прием заявок круглосуточно
График работы офиса: с 9.00 до 18.00 Нск (5.00 - 14.00 Мск)

Статья опубликована в рамках: CCIII Международной научно-практической конференции «Научное сообщество студентов: МЕЖДИСЦИПЛИНАРНЫЕ ИССЛЕДОВАНИЯ» (Россия, г. Новосибирск, 26 декабря 2024 г.)

Наука: Филология

Секция: Литературоведение

Скачать книгу(-и): Сборник статей конференции

Библиографическое описание:
Улукбек к.Н. ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВДУН "БАХИАНА" ЧЫГАРМАСЫНА ПСИХО-АНАЛИТИКАЛЫК ТАЛДОО // Научное сообщество студентов: МЕЖДИСЦИПЛИНАРНЫЕ ИССЛЕДОВАНИЯ: сб. ст. по мат. CCIII междунар. студ. науч.-практ. конф. № 24(202). URL: https://sibac.info/archive/meghdis/24(202).pdf (дата обращения: 27.01.2025)
Проголосовать за статью
Конференция завершена
Эта статья набрала 0 голосов
Дипломы участников
У данной статьи нет
дипломов

ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВДУН "БАХИАНА" ЧЫГАРМАСЫНА ПСИХО-АНАЛИТИКАЛЫК ТАЛДОО

Улукбек кызы Назира

3-курсунун студенти, Гуманитардык факультет, Филология бөлүмү, Кыргыз-Түрк «Манас» университети,

Кыргызстан, Бишкек

АННОТАЦИЯ

Бул изилдөөнүн башкы максаты Чыңгыз Айтматовдун "Бахиана" аңгемесинин башкы каарманынын психологиялык абалын жана ички конфликт, руханий изденүү сыяктуу татаал аспектилерин психоаналитикалык ыкма менен кароо болуп саналат. Бул изилдөөдө Фрейддин репрессия жана коргонуу механизмдери, ошондой эле Юнгдун "Көлөкө" (Shadow) жана индивидуация теориялары негизги талдоо куралы катары колдонулду. Ошондой эле, "Окурмандын жообу теориясы" окурмандын каарман менен эмоционалдык байланышын изилдөөгө жардам берет. Чыңгыз Айтматовдун «Бахиана» аңгемесинде башкы каармандын өткөн турмушу жөнүндө көптөгөн суроолорду жараткан татаал жана табышмактуу кырдаал сүрөттөлөт. Окурманга анын жашоосун өзүнүн тажрыйбасына жана түшүнүгүнө таянып кабыл алууга эркиндик берилет. Чыгарманынын борбордук идеясы ар бир адам Бахиананын окуясын өзүнүн жеке коркунучтары жана сезимдери аркылуу кабыл алат деген түшүнүккө негизделет. Бул аңгеме жашоо жөнүндө терең философиялык ой жүгүртүүгө гана эмес, өзүңдү жакындан таанып, түшүнүгүңдүн жаңы кырларын ачууга мүмкүнчүлүк берет.

 

Ачкыч сөздөр: психоаналитика, көлөкө, окурмандын жообу, ички конфликт, өткөн турмуш, табышмактуу кырдаал.

 

Киришүү

Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары дүйнөлүк адабиятта өзгөчө орунду ээлеп, адамдын жан дүйнөсүндөгү татаалдыктарды жана руханий изденүүлөрдү чагылдыргандыгы менен айырмаланат. Анын чыгармалары кыргыз маданиятын жана каада-салтын даңазалоо менен катар глобалдык темаларды изилдейт. Бирок, "Бахиана" аңгемеси анын башка чыгармаларынан өзгөчөлөнүп, чет элдик каарманды борбордук фигура катары алып, адамдын ички дүйнөсүнүн күрөшүн жана руханий кайра жаралуу процессин чагылдырат.

Кайсыл учурда адам баласына жашоосундагы болуп жаткан окуялардын баарынын бири-биринен айырмаланбаган , эч кандай таң калтыруучу касиети жок деңгээлге түшүшү мүмкүн? "Бахиана" чыгармасындагы башкы каармандын башынан өткөргөн татаал кырдаалдын эмне экенинин баяндалбаганында да өзгөчө сыр бар деп эсептесек болот. Демек, жазуучу жашоодогу эң оор кыйынчылык, сени өз жеке жашооңдон баш тартууга мажбур кылуучу кырдаал, аягында калган бүт өмүрүңдү жалгыз гана Кудайга кулчулук кылууга арнайм деген тыянакка алып келүүчү кырдаал ар бир инсанда башкалардан айырмаланып турарын баса белгилеп кеткен. Ушул себептен ал башкы каармандын өткөнүн баяндабоо чечимин чыгарган деп ойлойм. Бул тыянакка келгенимдин себеби башкы каармандын чиркөөдөгүлөргө берген жообунда болду. Чыгармада чиркөөдөгү бүйү эне Бахианадан аны мындай чечимге эмне түрткөнүн сураганда, Бахиана:"Ооба, мени бул жерге жетелеп алып келген жагдайдын кандай-андай болгонун сиздерге толук айтып берсем болот эле , бирок мен анте албайм. Айткым келбегенинен , же бир намысыма тийген иштен уялганымдан эмес , андай себеп деле жок" (Айтматов, 4-том, 523-б.). Бахиананын башынан өткөргөн кыйынчылык бизди ал сыяктуу тыянак чыгарууга түртпөшү мүмкүн. Бахиананын ички дүйнөсүн терең изилдөө аркылуу биз өзүбүздү жакындан тааныйбыз.

Теоретикалык негизи

Бул изилдөөнүн теоретикалык негизи катары  Карл Юнгдун психоаналитикалык теориялары, ошондой эле "Окурмандын жообу теориясы" колдонулду.

Карл Юнгдун теориясы адамдын жеке өсүү жана руханий изденүү процессин түшүндүрүүдө маанилүү орунду ээлейт. Юнгдун "көлөкө" (shadow) концепциясы, башкача айтканда, адамдын аң-сезиминен түртүлгөн карама-каршы жактары, Бахиананын өткөн турмушуна болгон мамилесин түшүндүрүүгө жардам берет. Индивидуация процесси Бахиананын руханий кайра жаралуу аракетин символдоштурат.

Ошондой эле, Район Карделл жана Джон Пеннингтондун Creating Literary Analysis эмгегиндеги "Окурмандын жообу теориясы" ар бир окурмандын чыгармага болгон өзгөчө түшүнүгүн изилдөө үчүн колдонулду. Бул теория Бахиананын репрессияга байланыштуу чечимдерин ар кандай окурмандар кандай кабыл аларын аныктоого мүмкүндүк берет.

Методология

Изилдөөдө мазмундук жана тексттик анализ методдору колдонулду.

  1. Мазмундук анализ: Бахиананын сүйлөмдөрү жана аракеттери аркылуу анын  ички конфликт сыяктуу психологиялык аспекттери изилденди.
  2. Тексттик анализ: Чыгармадагы символдор, диалогдор жана пейзаж сүрөттөмөлөрү Бахиананын ички дүйнөсүнүн татаалдыгын көрсөтүү үчүн колдонулду.

"Бахиана" аңгемесин талдоодо мазмундук анализ аркылуу каармандын ички сезимдерин жана ойлорун изилдөөгө аракет кылдык. Ошондой эле тексттик талдоо аркылуу каармандын татаал мүнөзүн жана анын жүрүм-турумун ачып көрсөтүү максаты коюлду.

1. Өткөн турмуштун жана психологиялык оорунун мааниси: Айтматов башкы каарман Бахиананын өткөн жашоосу тууралуу аз маалымат берип, анын тажрыйбасын жана өткөн турмушундагы оор кырдаалдарды чагылдырбайт. Бул болсо окуяга кошумча сырдуулук берип, окуучуну каармандын психологиялык абалын өз алдынча баалоого түртөт.

2. Каармандагы ички сезимдердин жана эмоционалдык туруксуздуктун көрүнүшү: Бахиана башынан өткөргөн кыйынчылыктардын себеби жана аныктамасы бериле электе, анын ички дүйнөсүндө кандай өзгөрүүлөр болуп жатканын көрүүгө болот. Айтматовдун чыгармачылыгында ички дүйнө тууралуу ачык маалымат берүү сейрек кездешкен көрүнүш болсо да, Бахиананын инсандык жана философиялык изденүүлөрү, аны өзүнүн жашоосуна жаңы көз караш менен кароого түрткөн.

3. Философиялык жана руханий көз караштардын мааниси: Чыгармада Бахиана үчүн руханий тазалыкка умтулуу жана өзүн Кудайга арноо, анын жашоодогу максаты болуп калат. Бул багытта, адамдын жан дүйнөсүнүн тазалыгы жана ички тынчтыгы темалары кеңири талданып, окурманга өз жашоосуна философиялык көз караш менен кароо мүмкүнчүлүгү берилет

Негизги бөлүм

Көлөкө жана руханий изденүү:

Юнгдун "көлөкө" концепциясы Бахиананын өткөн турмушунан качуу жана руханий жолго түшүү чечимин түшүндүрүүгө жардам берет.

Окурмандын философиялык жообу:

Ар бир окурман Бахиананын окуясын өзүнүн турмуштук тажрыйбасына жараша ар кандай түшүнөт. Айрымдар анын чечимин өзүнүн жан дүйнөсүн тазалоо аракетине теңешсе, башкалар муну качуу катары көрүшү мүмкүн.

Жыйынтык

Чыңгыз Айтматовдун "Бахиана" чыгармасы адамдын ички дүйнөсүнүн сырларын жана руханий изденүү процессин чагылдырган өзгөчө чыгарма. Бул изилдөө башкы каарман Бахиананын репрессия механизмдерин жана руханий кайра жаралуу аракеттерин психоаналитикалык көз караш менен талдады. Окурмандарга чыгарма аркылуу өзүнүн ички конфликттерин түшүнүүгө жана философиялык ой жүгүртүүгө мүмкүнчүлүк берет.

 

Пайдаланылган адабияттар:

  1. Айтматов Ч. (1997). Чыгармалар жыйнагы, 4-том. Бишкек: Кыргыз билим берүү академиясы.
  2. Freud, S. The Interpretation of Dreams. New York: Macmillan, 1900.
  3. Jung, C.G. Archetypes and the Collective Unconscious. Princeton: Princeton University Press, 1959.
  4. Cardell, R., & Pennington, J. Creating Literary Analysis. New York: Oxford University Press, 2010.
Проголосовать за статью
Конференция завершена
Эта статья набрала 0 голосов
Дипломы участников
У данной статьи нет
дипломов

Оставить комментарий