Телефон: 8-800-350-22-65
WhatsApp: 8-800-350-22-65
Telegram: sibac
Прием заявок круглосуточно
График работы офиса: с 9.00 до 18.00 Нск (5.00 - 14.00 Мск)

Статья опубликована в рамках: XCVII Международной научно-практической конференции «Экспериментальные и теоретические исследования в современной науке» (Россия, г. Новосибирск, 31 января 2024 г.)

Наука: Филология

Скачать книгу(-и): Сборник статей конференции

Библиографическое описание:
Керімбердиева А.Д., Қадырбекова Қ.Қ., Эшиев А.М. ҚЫРҒЫЗДЫҢ EЖЕЛГI ТҮБIР СӨЗДЕРІ АҒЫЛШЫН ТІЛІНДЕГІ ТІЛДІК РЕАЛИЙ РЕТІНДЕ // Экспериментальные и теоретические исследования в современной науке: сб. ст. по матер. XCVII междунар. науч.-практ. конф. № 1(89). – Новосибирск: СибАК, 2024. – С. 113-121.
Проголосовать за статью
Дипломы участников
У данной статьи нет
дипломов

ҚЫРҒЫЗДЫҢ EЖЕЛГI ТҮБIР СӨЗДЕРІ АҒЫЛШЫН ТІЛІНДЕГІ ТІЛДІК РЕАЛИЙ РЕТІНДЕ

Керімбердиева Айсалқын Дүйшеқызы

Б.Осмонов атындағы Жалал-Абад мемлекеттік университетінің ағылшын тілі және әдебиеті кафедрасының оқытушысы,

Қырғызстан, Жалал-Абад қ.

Қадырбекова Қанышай Қадырбекқызы

Б.Осмонов атындағы Жалал-Абад мемлекеттік университетінің ағылшын тілі және әдебиеті кафедрасының магистранты,

 Қырғызстан, Жалал-Абад қ.

Эшиев Асылбек Мирзатилаевич

Филология ғылымдарының докторы,  Б.Осмонов атындағы Жалал-Абад мемлекеттік университетінің гуманитарлық ғылымдар кафедрасының профессоры,

Қырғызстан, Жалал-Абад

КЫРГЫЗСКИЕ ДРЕВНИЕ КОРЕННЫЕ СЛОВА КАК ЯЗЫКОВЫЕ РЕАЛИИ НА АНГЛИЙСКОМ ЯЗЫКЕ

 

Керимбердиева Айсалкын Дуйшеевна

преподаватель кафедры английского языка и литературы, Жалал-Абадский государственный университет имени Б.Осмонова,

Кыргызстан, г. Жалал-Абад

Кадырбекова Канышай Кадырбековна

магистрант кафедры английского языка и литературы, Жалал-Абадский государственный университет имени Б.Осмонова,

Кыргызстан, г. Жалал-Абад

Эшиев Асылбек Мирзатилаевич

д-р филол. наук, профессор кафедры гуманитарных дисциплин, Жалал-Абадский государственный университет имени Б.Осмонова,

Кыргызстан, г. Жалал-Абад

 

KYRGYZ ANCIENT ROOT WORDS AS LINGUISTIC REALITIES IN ENGLISH

 

Aysalkyn Kerimberdieva

Teacher of the Department of English Language and Literature, Jalal-Abad State University named after B. Osmonov,

Kyrgyzstan, Jalal-Abad

Kanyshay Kadyrbekova

Master's student of the Department of English Language and Literature, Jalal-Abad State University named after B. Osmonov,

Kyrgyzstan, Jalal-Abad

Asylbek Eshiev

Doctor of Philology, Professor of the Department of Humanities, Jalal-Abad State University named after B. Osmonov,

Kyrgyzstan, Jalal-Abad

 

АННОТАЦИЯ

Мақалада «Манас» эпосындағы қырғыздардың көне сөздері қарастырылған. Олардың бастапқы мағынасы мен синонимдік тіркестері зерттеледі. Мақаланың мақсаты: Ағылшын тіліндегі олқылықтар, тілдік шындық болуы мүмкін ежелгі қырғыз түбір сөздерін таңдап, анықтау. Эпостағы тұрмыстық сөздердің архаикалық сипатын және ағылшын тіліндегі кейбір қырғыз сөздерінің баламасы жоқтығын анықтаңыз. Мақалада тілдерді тіларалық салыстырудың салыстырмалы-тарихи, салыстырмалы әдістері қолданылған. Керісінше, салыстырмалы әдіс - бұл анық емес жағдайларда сөздердің сәйкестігін немесе байланысын анықтайтын әдістер жиынтығы. Зерттеу нәтижесінде қырғыз тіліндегі түбір сөздер, олардың төл мағыналары және осы көне сөздердің ағылшын тіліндегі баламасы жоқтығы анықталды. Қорытынды: Түкім (ру, ұрпақ), тұяқ (ұлы), беш түлік (мал), ішік (матамен жабылған тон), қымқап (жібек мата), сарпай (қонаққа киім беру), бәйбіше (тұқым, ұрпақ), бәйбіше (тұқым) сияқты қырғыздың түпкі сөздері. аға жұбай), токөл (кіші әйел), жамбаш (ilium), устуқан (қозы еті бар сүйек) тілдік шындық, ағылшын тілінде ұқсас ұқсастықтары жоқ, сәйкесінше лексикалық мағыналарды нақтылауды қажет етеді.

АННОТАЦИЯ

В статье рассматриваются древние кыргызские слова из эпоса «Манас». Изучаются их изначальное значение и их синонимичные выражения. Цель статьи: Выбрать и определить древние кыргызские коренные слова, которые могли быть языковыми реалиями, лакунами в английском языке. Выявлять архаичную природу обыденных слов в эпосе и безэквивалентный характер определенных кыргызских слов в английском. В статье использованы сравнительно-исторический, сопоставительный методы межъязыкового сравнения языков. В противоположность сравнительный метод как совокупность приѐмов, констатирующих адекватность или родство слов в тех случаях, когда это не очевидно. В результате изучения идентифицированы кыргызские коренные слова, их первоначальные значения и безэквивалентный характер этих древних слов в английском языке. Выводы: Исконно кыргызские слова такие как тукум (род, потомство), туяк (сын), беш түлүк (домашний скот), ичик (шуба, крытая материей), кымкап (шелковая материя), сарпай (одаривание гостей одеждой), байбиче (старшая супруга), токол (младшая супруга), жамбаш (подвздошная кость), устукан (кость с бараньим мясом) являются языковыми реалиями, схожии аналогии которых отсутствуют в английском, и, соответственно, требуют разъяснений лексических значений.

ABSTRACT

The article deals with the ancient Kyrgyz words from the epic “Manas”. Their original meaning and their synonymous expressions are studied. The aim of the article is to select and define ancient Kyrgyz root words that could be linguistic realities, gaps in the English language. The author of the article identifies the archaic nature of everyday words in the epic and the non-equivalent nature of certain Kyrgyz words in English. The article uses comparative-historical, comparative methods of interlingual comparison of languages. In contrast, the comparative method is a set of techniques that establish the adequacy or related words in cases where this is not obvious. As a result of the study, Kyrgyz root words, their original meanings and the non-equivalent nature of these ancient words in the English language were identified. Conclusion: Originally Kyrgyz words such as tukum (clan, generation), tuyak (son), besh tuluk (cattle breeding), ichik (fur coat covered with cloth), kymkap (silk cloth), sarpay (giving new clothes to guests), baybiche (elder wife), tokol (younger wife), zhambash (rump of sheep), ustukan (a piece of sheep meat with bone) are linguistic realities, similar analogies of which are absent in English, and accordingly, require clarification of the lexical meaning.

 

Тірек сөздер: тілдік шындық, лакуна, басқа дүние, мал, үлкен жар, кіші жар, ауыл, ақша.

Ключевые слова: языковые реалии, лакуна, иной мир, домашний скот, старшая супруга, младшая супруга, селение, деньги.

Keywords: linguistic realities, lacuna, another world, cattle breeding, elder wife, younger wife, village, money.

 

«Манас» эпосунда:

Тукуму жок өтөм деп,

Туяксыз кандай кетем деп [7, 33-б.]

Бул Алтайдагы Жакыптын арманынан. Мында бүгүнкү активдүү кыргыз лексикасындагы тукум жана туяк деген сөздөр колдонулат. Эпос боюнча тукум жана туяк деген сөздөр бала деген сөзгө синоним катары келүүдө. Англис тилинде тукум, туяк деген сөздөрдүн түздөн-түз эквиваленти жок. Ошондуктан бул сөздөр англис тили үчүн тилдик реалий болот. Кыргыздын тукум, туяк деген сөздөрү англис тилинде heir, son болуп колдонулушу мүмкүн.

Бербесе теңир чарам жок,

Беш түлүктөн мал жыйдым,

Беш чака пулча арам жок. [7, 35-б.]

Бул Жакыптын сөзү. Мында Жакып теңир, кудай диний ишенимдер жөнүндө кеп кылат. Жакып беш түлүк мал дейт. «Кыргыздардын чарбасындагы негизги деп эсептелген малдардын беш түрү: жылкы, кой, уй, төө, эчки. Көпчүлүк учурда сөз «төрт түлүк» түрүндө айтылат да, жылкы, кой, уй, төө түшүнүлөт. Эгер беш түлүк делсе жогорку төртөөнө эчки кошулуп айтылат. Беш түлүктөн мал жайдым («Манас» С.О.)» [11]. Ошону менен бирге эпосто төрт түлүк мал деп да айтылат. Демек, беш түлүк, төрт түлүк мал деп жанаша колдонула бериптир. Мал деген сөз - бул ошол көчмөндүк беш түлүккө кирген жалпы эле жылкы, төө, уй, кой, эчкини туюнткан.

Беш чака, пул деген сөздөр колдонулат. Кара деген сөз бала деген сөзгө синонимдик мааниде келүүдө. Англис тилине беш түлүк, чака, пул деген сөздөр livestock, penny, money болуп келет. Бирок беш түлүк деген сөздүн англисче эквиваленти жок, ошондуктан ал тилдик лакуна болуп саналат. Ал эми кыргыздын карам дегени бала маанисинде heir, son болуп катыша алат. Жакып акырет деген сөздү айтат. Балким, аркы дүйнө, о дүйнө сөзү эзелки акырет деген рухий түшүнүктүн кийинки синонимдери болуусу ыктымал. Англис тилинде бул түшүнүк the afterlife, another world болуп колдонулат.

Ажалдан мурун өлөсүң,

Акыретти көрөсүң! [8, 133-б.].

Мында Манас Көкөтөйдүн ашында ууру-кески, ууру, жылкыга тийем дегенди о дүйнө акырет менен катуу эскертип жатканы. «В древнееврейском языке «gadam – «то, что впереди», и «прошлое», а `ahаrit` - «задняя сторона», и «будущее» [9, 53-б.]. Мында байыркы еврейлик лексемалар `gadam`, `ahаrit` семантикалык жана фонологиялык мүнөздөрү боюнча кыргыздын кадам, акырет сөздөрүн эске салат.

Акыретке бет алсам,

Алтын, күмүш пул калат,

Алган жарым тул калат ... [7, 36-б.]

Бул Жакыптын айтканынан. Ошондо Алтайда ал кырк сегиз жашта экен. Жакып бул жолу да акырет деген сөзгө кайрылат. Дүнүйө байлык деген сөзгө синоним болуп келүүдө. Мында алтын, күмүш, пул сөздөр колдонулат. Мурунку ыр саптарда беш чака пул деп айтылган. Мында алтын, күмүш да пул деп аталат. Мындан чыкты чака, алтын, күмүш деген сөздөр түрдүү акча бирдиктери болуп, пул деген сөз азыркы акча деген сөздүн ролун аткаргандай.

Айлымдын үстү чаң болду...

Чарбадары бай болду ... [7, 36-б.]

Айыл кыргыздын эзелки төл сөзү болууда. Айыл деген англис тилинде village, hamlet, town болуп келет. Айыл деген сөз эзелки түшүнүк катары өзгөчөлөнүп турат. Маселен, америкалык индейлерде, болгар, грек тилдеринде айыл деген сөз лексикалык, фонологиялык жактан негизинен окшош, бирдей мааниде келет.

«Айлью в энциклопедическом справочнике толкуется, как «айлью (ayllu), название индейской общины в Боливии, Перу и Эквадоре, возникшей в доинкский период и основанной на коллективном труде (айне)» [5, 225-б.]. «Слово «айлью» на кечуа означает не только родовое колено геральдического древа инков, но и «община» [4, 24-б.]. «Община айлью стала краеугольным камнем цивилизации инков, основной ячейкой социальной, экономической и политико-административной структуры их государства Тауантинсуйю» [10, 37-б.]. «Болгарская лексема айыл (авил, аул) («айлью» в латинской транскрипции - ayllu). Следует напомнить, что и в греч. «аule «двор» [6, 20-б.].

Караңыз, эпосто чарбадар деп бүгүнкү чарбакер, чарбачыл, иштерман, ишкер адам кеп болууда. Байыркы төл сөз чарбадар экендиги такталат. Бирок башкысы орто кылымдык кыргызда чарбадар адамдардын кадыресе болуп келгендиги кызыктырары бышык. Бир кызык жери бул (феодалдык доорго мүнөздүү эмес) сөздү династиялык кан тукуму Жакып айткан болууда.

Анда Жакып кеп айтат,

Ачууланып бек айтат:

Эси жок кандай катынсың?

Эсирген кандай капырсың? [7, 37-б.]

Жакып мында Чыйырды жубайын (аялын, зайыбын) катын дейт. Бул катын деген сөз азыркы күндө орой синонимдик сөз катары кабылданат. Бирок эзелки мааниси аялзатка кан-бектик династиялык титулдук аталыш катары колдонулган. Катын титулундагы аялзатынын коомдук-саясий орду өтө жогору турган. Маселен, түрк, кыргыз кан, бек-бийлери ушул титулдук аталыштагы кыздарга үйлөнүшкөн. Бул катын кыргыз сөзү англис тилинде жубай, аял, зайып сыңары эле wife, spouse, bride болуп колдонула берет.

«Хроники сообщают, что западнотюркские владыки в VI-VIII вв. отдавали своих дочерей в супруги владетелям Согда, Гаочана, Кашгара и Юйвень. Источники отмечают родство каганов и их вассалов лишь по женской линии. Сами каганы женились на представительницах «хатунских родов» Ашидэ и Басмыл, а также на принцессах суверенных держав» [3, 154-б.]. «Ан дархан хотун, Ан алай хотун (“изначальная важная госпожа”), в якутской мифологии дух – хозяйка земли... В героическом эпосе А. д. х. является мудрой советчицей, защитницей главного героя в ряде сказаний» [1, 29-б.].  По Иакинфу: «Тумынъ принялъ наименование Или-Хана; а Ханъ значитъ то же, что въ древности Шаньюй; супругу свою назвалъ Хатун, что значитъ то же, что Яньчжы» [2, 267-б.]. Ошентип, катын деген сөз якут мифологиясында, айтылуу түрк Ашидэ, Басмыл уруулук брикмелерде, кыргыз баатырдык эпосунда аял затына берилген ыйык титул катары келүүдө.

Он эки катын бек тартты,

Оңдойгөр кудай деп тартты [7, 76-б.]

Мындагы он эки катын Алтайда кырк уруудан калган он эки уруу башчыларынын аялдары болгон. Булар Чыйырды толготуп жатканда жанында болуп, баланын төрөлүшүндө жакындан көмөктөшкөн.

Байбичесин муңайтып:

Менин элүүгө жашым жеткени ...

Эзелден ишим тетири

Эгем таала чактады. [7, 38-б.]

Бул элүү жашка келген Чыйырдынын сөзүнөн. Байбичеси Жакыптан эки жашка улуу экен. Эпос боюнча анын энчилүү аты Шакан болуп, биринчи эри (күйөөсү) Чыйыр (Жакыптын абасы) болгондугу маалым. Чыйыр  акыретке кетип, анын аты Шаканга Чыйырды деп интронизацияланып, аталаш иниси Жакыпка катын болуп келет. Кыргыздагы теңир, эгем деген диний түшүнүктөр англисчеде түздөн-түз котормо сөзү жок тилдик реалийлер болушат. Ошондуктан бул рухий сөздөр англис тилинде кудай, жараткан дегенге эквивалент god, creator, supreme деп алмашып пайдаланылат.

Эпосто байбиче деген кадыр-барктуу сөз азыркы маанисинде кеңири колдонулат. Бул байбиче, токол деген кыргыз сөздөрү англис тилинде лакуна болот. Анын ордуна англисче first wife (биринчи аялы), eldest wife (улуу зайыбы), younger wife (кичүү жубайы) деген сөз айкаштары пайдаланылат. Караңыз, эзел деген сөз байыркы, илгери деген сөздүн мурун жаралгандай.

Бирден ичик, бирден кымкап

Эр башына кийгизди.

Караламан калганга

Сарпайдан үч жүз тон болду. [7,  63-б.]

Алтайдагы Жакып түш жорууга ат арытып келген уруу башчы, аксакал, билермандарга бирден ичик, бирден кымкап кийгизиптир. Ал эми коштогон үзөңгүлөш, жан-жөкөр, чоролорго үч жүз тон жааптыр. Кыргыздын сарпай деген төл сөзү англисчеде лакуна болуп, аны gift in the form of clothes деп түшүндүрүп жеткирүүгө болот.

Жамбаш алып, баш алып...

Бакдөөлөт менен Чыйырды

Ошол бакырларды чакырды.

Бир-бирден чапан кийгизди. [7, 63-б.]

Бул түш жорууга эл менен кошо келген бечаралардын балдарын,  атасы жок бакырларды Жакыптын байбичеси Чыйырды жана токолу Бакдөөлөт жоолук-кур, беш теңге пул, этек толо баш, жамбаш эт берип, ар бирине чапан жааптыр. Англис тилинде ичик, кымкап, тон, чапан, чепкен, доолдай деген сөздөр тилдик лакуна болуп, синонимдеш coat, jacket, raincoat сөздөр колдонулары дайын.

Эпосто атасы жок балдар бакыр деп айтылат, жетим эмес. Бул эки сөз тең англисчеде orphan деп айтыла берет. Бечара деген сөз байкуш, кембагал, кедей дегенге синонимдик мааниде келет. Бул сөздөр англис тилинде beggar, wretched, poor деп кырдаалга карай оошуп пайдаланыла берет. Бакыр балдарга бүгүнкү эң кадырлуу жамбаш, баш тартылат. Кыязы, атасы жок балдар жоокердикте набыт болгон эр, баатыр, чоролордун туяктары го. Эми англис тилинде жамбаш, устукан деген сөздөрдүн эквиваленти жок экендиги анык. Буларды англисчеде dishes made from lamb деп түшүндүрүү керек.

Ошентип, азыркы активдүү кыргыз лексикасына кирген сөздөрдүн эзелки төл сөзү жана анын кийинки синонимдеш сөздөрү дайын болот. Балким, ошол байыркы төл сөздөрдү (акырет, чарбадар, айыл, пул, бакыр, бечара ж.б.) кыргыз адабий тилинде, иш кагаздарда алгачкы архаизм сөз катары активдүү колдонуусу мүмкүн. Кыргыз тилиндеги активдүү төл сөздөр башка элдердин тилинде экививаленти болбой калат. Алардын ордуна синонимдик маанидеги сөздөр (же сөз айкаштары) түшүндүрүү жолу менен колдонулуп келет.

 

Список литературы:

  1. Женщина в мифах и легендах. Ташкент: Гл. ред. энц., 1992.
  2. Иакинфъ О. Собрание сведений о народахъ обитавшихъ въ Средней Азии въ древние времена. Частъ I. СПб., 1851.
  3. Из истории дореволюционного Киргизстана. Фрунзе: «Илим», 1985.
  4. Кузьмищев В. Царство сынов Солнца. М.: «Молодая гвардия», 1982.
  5. Латинская Америка. Энциклопедический справочник (в 2 томах). 1 том. М.: Изд. «Сов. Энциклопедия», 1980.
  6. Леман В. Ф. Индоевропеистика сегодня // Вопросы языкознания, 1987, №2.
  7.  «Манас» эпосу. Сагымбай Орозбак уулунун варианты боюнча. Фрунзе: «Кыргызстан»: I китеп, 1984. (Эпос «Манас». По варианту Сагымбая Орозбакова. I книга).
  8. Манас. Шапак Рысмендеевдин айткан варианты боюнча. Бишкек: «Газета.KG», 2013. (Манас. По варианту Шапака Рысмендеева).
  9. Мурьянов М. Ф. Время (понятие и слово) // Вопросы языкознания, 1978, №2.
  10. Шемякин Я. Г. Латинская Америка: Традиции и современность. М.: «Наука», 1987.
  11.  Толковый словарь кыргызского языка. 2015. URL: https://el-sozduk.kg/besh-tuluk-mal/ (кайрылган күнү: 04.11.2020).
Удалить статью(вывести сообщение вместо статьи): 
Проголосовать за статью
Дипломы участников
У данной статьи нет
дипломов

Оставить комментарий

Форма обратной связи о взаимодействии с сайтом
CAPTCHA
Этот вопрос задается для того, чтобы выяснить, являетесь ли Вы человеком или представляете из себя автоматическую спам-рассылку.