Статья опубликована в рамках: CCXXIX Международной научно-практической конференции «Научное сообщество студентов: МЕЖДИСЦИПЛИНАРНЫЕ ИССЛЕДОВАНИЯ» (Россия, г. Новосибирск, 29 января 2026 г.)
Наука: Педагогика
Скачать книгу(-и): Сборник статей конференции
дипломов
БИЛИМ БЕРҮҮ ӨЛКӨНҮН ӨНҮГҮҮСҮНҮН НЕГИЗИ
ОБРАЗОВАНИЕ — ОСНОВА РАЗВИТИЯ СТРАНЫ
Торугельдиева Сезим Бакытбековна
студент, педагогический колледж, Кыргызский государственный университет им. И. Арабаева,
Кыргызстан, г. Бишкек
АННОТАЦИЯ
Билим берүүнүн коомдун жана мамлекеттин туруктуу өнүгүүсүндөгү орду талданат. Билим берүүнүн экономикалык, социалдык жана саясий фактор катары мааниси ачылып, заманбап билим берүү шартында мугалимдин, ата-эненин жана санариптик технологиялардын ролу каралат. Ошондой эле ар бир окуучунун индивидуалдык өзгөчөлүктөрүн эске алган окутуунун зарылдыгы жана жаш муундун билимге болгон мотивациясын жогорулатуу маселелери белгиленет. Изилдөөнүн жыйынтыгында билимдүү жана тарбиялуу муунду калыптандыруу өлкөнүн өнүгүүсүнүн негизги шарты экени белгиленет.
АННОТАЦИЯ
В статье анализируется роль образования в устойчивом развитии общества и государства. Раскрывается значение образования как экономического, социального и политического фактора, рассматривается роль учителя, семьи и цифровых технологий в современных условиях обучения. Особое внимание уделяется необходимости индивидуального подхода к обучающимся и повышению мотивации молодежи к получению знаний. В заключении подчеркивается, что формирование образованного и воспитанного поколения является ключевым условием развития страны.
Өзөктүү сөздөр: билим берүү, мугалим, окуучу, коом, өнүгүү, технология, тарбия, мотивация, үй-бүлө, келечек.
Ключевые слова: образование, учитель, ученик, общество, развитие, технологии, воспитание, мотивация, семья, будущее.
Билимдүү адамдар гана өлкөнүн экономикалык,социалдык жана илимий өнүгүүнүн камсыздай алышат.Азыркы глобалдашкан дүйнөдөгү ар бир мамлекеттин өнүгүүсү анын билим берүү системасынын деңгээли менен тыгыз байланышта.Билим берүү -бул жөн гана билим берүү процесси эмес,ал инсанды ар тараптан өнүктүрүүгө, тарбиялоого, коомдо өз ордун табууга жардам берген татаал жана үзгүлтүксүз процесс.Билим берүү аркылуу адам өзүнүн жөндөмдөрүн өнүктүрүп,коомго пайдалуу инсан болуп калыптанат.Азыркы заманда экономика илимге,инновацияга жана технологияга таянып өнүгүп жатат. Ушул себептен улам билим берүү өлкөнүн өнүгүүсүнүн негизи катары каралат.Билим берүү бул адам баласында үй-бүлөдон анан окуу жайдан болот ошол себептен азыркы жаштарга татыктуу жана сапатуу билим берүү кажет. Мыкты окуучу,кесибинин мыктысы чыгыш үчүн мугалим мыкты болуш керек. Мен өз элимдин жеримдин өнүгүүсү үчүн мугалим болууну тандадым.Билим аркылуу адамдар өз жашоо шартын жакшыртып,коомдогу ордун таба алам. [1]
Билимдүү, кесипкөй өз кесибинин мыктысы болуп чыгышы үчүн мугалим мыкты болушу кажет.Азыркы мугалим билим булагы гана болбостон,окуучуларга, студенттерге багыт көрсөтүүчү, кеңешчи жана мотивотор болушу керек.Кандай болбосун билим берүүнүн өзөгүндө мугалим турат.Заманбап коомдо мугалимдин ролу мурдагыдан да кеңейди. Бүгүнкү мугалим жаңы технологияларды, маалыматтык ресурстарды колдонуп, сабакты кызыктуу жана натыйжалуу өтүүгө тийиш.Мугалим — коомдун келечегин тарбиялоочу негизги күч. Анын колунда улуттун, мамлекеттин жана бүткүл адамзаттын келечеги турат десек жаңылышпайбыз. Ошондуктан мугалим кесиби ар дайым урмат-сыйга татыктуу жана эң маанилүү кесиптердин бири болуп кала берет.[1]
Технологиялар Билимге Жетүүнү Женилдеттет. Интернет, электрондук китептер, онлайн платформалар жана санариптик ресурстар аркылуу окуучулар каалаган маалыматты тез жана кеңири ала алышат. Бул өзгөчө алыстагы аймактарда жашаган окуучулар үчүн чоң мүмкүнчүлүк түзөт. Мындан тышкары, онлайн окутуу формалары билим алууну үзгүлтүккө учуратпай улантууга шарт түзөт.Технология мугалимдин ишин да жеңилдетет. Электрондук журналдар, тестирлөө программалары, билимди баалоо системалары убакытты үнөмдөп жатат.Билим берүүдо технологиянын ролу канчалык чоң болбосун ,ал мугалимдин ролун баса албайт.Технология бил жакшы нерсе оба бирок азыркы учурда жаштар анын жакшы жагын эмес жаман жагын көп пайдаланып жаткандыктан билимдүү,окууга умтулган,китеп окууган,пикир алмашкан жаштар азайып жатат.Мени баарынан дагы чочуткан бул кичинекей балдардын умтулусунун азайып жаткандагысы төрөлгөндөн тартып телефон ,телевизорго кирип кетип жатат.Ошол себептен билим берүү жаштарды китеп окуганга,билимге умтулуусун өнүктүрүү маанилүү
Ата-эне баланын биринчи тарбиячысы болгондуктан,мектептен алган тарбия дагы ата-эненин тарбиясы менен бекемделет.Баланын ийгиликтүү , умтулган кыялына жетүү үчүн ата-эненин колдосу керек,мугалим керектүү нерсенин баарын кылат бирок ата- энеден колдо жок болсо ал бала ийгиликке жете албайт.Коомдук уюмдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, маданий мекемелер, ишканалар жана жарандык коом мектеп менен кызматташуу аркылуу билим берүү сапатын жогорулатууга салым кошо алышпайт.Экскурсиялар, жолугушуулар, практикалык иш-чаралар окуучулардын дүйнө таанымын кеңейтет.Ата-эне жана коом менен кызматташуу — билим берүүнүн ажырагыс бөлүгү. Бул кызматташуу баланын билим алуусун гана эмес, анын инсан катары калыптанышын да камсыз кылат. Мектеп, үй-бүлө жана коом биргеликте аракеттенгенде гана тарбиялуу, билимдүү жана жоопкерчиликтүү муунду тарбиялоого мүмкүн болот [1].
Билим берүү фактору -коомдун жана мамлекеттин өнүгүшүнө түздөн-түз таасир этет.
1) экономикалык фактор -Бул фактордун мааниси билим берүү менен тыгыз байланышта. Сапатуу билим алуу бул экономиканынын өсүшүнүн негизги булагы болуп саналат. Билим берүү экономикалык фактор катары өлкөнүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатат, инновацияны колдойт, жумуш менен камсыздоону күчөтөт жана жалпы улуттук байлыкты көбөйтөт. Ал мамлекеттин экономикалык туруктуулугунун жана өнүгүүсүнүн негизи болуп саналат.
2) социалдык фактор – бул өлкөнүн жана коомдун өнүгүшүнө адамдардын социалдык абалы, билим деңгээли, саламаттыгы жана ал адамдардын дүйнө таанымын кеңейтет, жоопкерчиликти үйрөтөт жана активдүү, маданий жактан бай коомду калыптандырууга шарт түзөт.
3) саясий фактор – бул мамлекеттин жана коомдун өнүгүүсүнө саясий структуралар, мыйзамдар, саясий институттар, бийлик системасы жана жарандардын саясий активдүүлүгү аркылуу таасир эткен шарттардын жыйындысы.Билим алган жарандар мыйзамдарды түшүнүп, социалдык тартипти сактоого, коррупциянын алдын алууга жана укук коргоо системасына ишенимди жогорулатууга салым кошушат.[2]
Мыкты билимдүү жаштар канчалык көп болсо мамлекет алдыга жылат.Тарыхта изи калган канчалаган көп билимдүү инсандар из калтырган,алардын тарыхта изи калыш үчүн канчалык алакет кылышкан,к билим алуудан тажаган эмес.Эснеге биз ошондой боло албайбыз эмнеге азыр ошол убактагыдай аракетчил инсандар аз,ал убакта шарт жок эле бирок алар изденүүдон тажаган эмес.Бизде баары бар бирок билимге умтулгандар аз мени ошол өкүндүрөт .Билим алуудан тажабаган адам өзүнө дүйнөнүн эшигин ачат.
Оба жогоруда айткан ар бир маалымат билим берүүнүн өнүгүүсү үчүн маанилүү,бирок билим,тарбиялаган мугалим,ата-эне канчалык билимдүү, күчтүү болбосун анын баарын кабыл азып өздөштүрүп кетке алганы балага байланыштуу болот.Билим алуунун эрте кечи жок ,кечи болсо дагы ар бир жаран билим алууга болот ал алган билим менен өз мамлекетине жардамын тийгизет алат.Канчалык билимге берилген адамдар болсо ал мамлекет алдыга жылат. Билим алгандар эчким эч качан жаман болгон эмес э,бирок өзүнө жаккан , сүйгөн кесип менен,иш менен алектенсе анда ал ийгиликке жетет ийгиликке жетсе бийиктикти багындыра алат.
Адабият тизмеси:
- Г. Т. Темиралиева “Билим берүүдөгү педагогикалык чеберчилик” Бишкек: Илим-педагогика, 2021ж.
- Апышев Б. А., Бабаев Д., Жоробеков Т. А. “Педагогика” Бишкек:, 2002ж.
дипломов


Оставить комментарий