Телефон: 8-800-350-22-65
WhatsApp: 8-800-350-22-65
Telegram: sibac
Прием заявок круглосуточно
График работы офиса: с 9.00 до 18.00 Нск (5.00 - 14.00 Мск)

Статья опубликована в рамках: Научного журнала «Студенческий» № 18(272)

Рубрика журнала: Информационные технологии

Скачать книгу(-и): скачать журнал часть 1, скачать журнал часть 2, скачать журнал часть 3, скачать журнал часть 4, скачать журнал часть 5, скачать журнал часть 6, скачать журнал часть 7, скачать журнал часть 8, скачать журнал часть 9, скачать журнал часть 10

Библиографическое описание:
Омурбек к.Н. ИНФОРМАТИКАНЫ ОКУТУУДА ОКУУЧУЛАДЫН ОКУУ ЖЕТИШКЕНДИГИН ДИАГНОЗДООНУН ЫКМАЛАРЫ // Студенческий: электрон. научн. журн. 2024. № 18(272). URL: https://sibac.info/journal/student/272/329857 (дата обращения: 16.06.2024).

ИНФОРМАТИКАНЫ ОКУТУУДА ОКУУЧУЛАДЫН ОКУУ ЖЕТИШКЕНДИГИН ДИАГНОЗДООНУН ЫКМАЛАРЫ

Омурбек кызы Нуриза

К.Тыныстанов атындагы Ыссык-Көл мамлекеттик унивесриеттинин магистранты,

Кыргызстан, Каракол шаары

АННОТАЦИЯ

Макалада информатика окутуудагы окуучуларды окуу жетишкендиктерин компьютердик диагноздоонун түрлөрү жана шарттары талкууланып, окуучулар үчүн компьютердик тестирлөөдөгү суроолордун эң эффективдүү түрлөрү талдоого алынган.

 

Негизги сөздөр: информатика, диагноздоо, контролдоо

 

Информатика мугалимдеринин профессионалдык деңгээлине жана компетенттүүлүгүнө тынымсыз өсүп жаткан талаптарга байланыштуу билим берүүнүн сапатын жана деңгээлин жогорулатуу маанилүү роль ойнойт. Демек, окуучулардын окуу процессинде мектепте алган билимдерин жана көндүмдөрүн көзөмөлдөөнүн илимий негизделген жолдорун табуу жана иштеп чыгуу маселеси азыркы күндө актуалдуу болуп саналат.

Мисалы, Мамлекетибиздеги азыркы учурдун маселеси болгон сапаттуу билим берүү долбоору, PISA жана НООДУ иликтөөсү, жалпы республикалык тестирлөөнүн натыйжаларынын иликтениши окуучулардын предметтик компетенттүүлүгүнүн калыптанышын маанилүү деп эсептейт. Бул маселелерди чечүү максатында мамлекет, окумуштуулар тарабынан бир катар чаралар көрүлүүдө. Кыргыз Республикасында 2012-2020-жылдарда билим берүүнү өнүктүрүүнүн Стратегиясында окуучулардын жетишүүсүнүн төмөндүгү, окуучулардын жетишкендиктерин баалоо системасынын жетиле электиги көрсөтүлгөн [1].

Окуучулардын окуу жетишкендигиндеги кемчиликтерди аныктоого, аларды жоюу ыкмаларын ишке ашыруу, окуу жетишкендитерин диагноздоо жана калыс баалоого мүмкүндүк берүүчү эффективдүү башкаруу системасын өнүктүрүү билим берүүнүн деңгээлин жогорулатуу маселесин чечүүнүн негизги шарттарынын бири болуп саналат.

Ошондой эле информатика боюнча көндүмдөрдү жана билимдерди диагноздоонун негизги милдеттерин кароо зарыл.

Биринчиден, диагноздоо мугалимге окуучулардын окуу жетишкендиктерин мамлекеттик билим берүү стандартынын талаптары менен салыштырууга мүмкүндүк берет.

Экинчиден, окууну индивидуалдаштыруу ыкмаларынын комплекси билим берүү ишинин субъектинин инсандык өнүгүүсүнө өбөлгө түзөт.

Окуу жетишкендигин диагноздоо – бул окуучу предмет, же өтүлө турган тема боюнча канчалык деңгээлде билими бар экендигин аныктоого мүмкүндүк бере турган, алдын ала маалымат берүүчү аракеттин бир түрү. Башкача айтканда, ал окуучунун билим деңгээлин баалоо жана окутуудагы мүмкүн болгон кемчиликтерди аныктоо үчүн колдонулат, андан кийин мугалим аны толтура алат. Диагноздоо окуучунун кийинки билим деңгээлине өтөөрүн аныктабайт. Тескерисинче, алар белгилүү бир предметтик чөйрөгө карата күчтүү жана алсыз жактарын көрсөтөт. Бул маалымат менен мугалим эң жакшы натыйжаларды алуу үчүн окутуу түзүмүнө керектүү оңдоолорду киргизе алат.

Окуучулардын ар тараптуу даярдыгын текшерүү окуу процессинин эң маанилүү структуралык компоненттеринин бири болуп саналат. Окутуунун бардык принциптерине ылайык (системалуулук, ырааттуулук жана туруктуулук принциптери) окутуунун бардык мезгилинде диагноздоону жүргүзүү зарыл. Жогоруда айтылгандардын бардыгы билимди текшерүү системасына контролдун ар кандай ыкмаларын колдонууну киргизүү зарылдыгын аныктайт.

Системанын окуучуларга карата өнүктүрүү функциясы болушу маанилүү. Бул белгилүү бир шарттарда жетишүүгө болот:

  • жекече мүнөз – диагноздоодо ар бир окуучунун окуу материалы боюнча билими, билим деңгээли, билиминдеги кемчиликтер, кемчиликтерди жоюуга болгон аракеттер аныкталуусу зарыл;
  • системалуулук (үзгүлтүксүздүк, бүтүндүк, структураланган) – педагогикалык диагноздоонун бардык курамдык бөлүктөрүнө (максат, мазмун, диагноздоочу процедураларды өткөрүү, алардын натыйжаларын иштеп чыгуу) системалык мамилени колдонууну болжойт;
  • объективдүүлүк (илимий негизделгендик) – диагноздоочу материалдардын мазмунун илимий жактан негиздөө талабы жана диагноздоону жүзөгө ашыруу процессинде бардык окуучуларга бирдей шартты түзүп берүү зарылдыгы менен түшүндүрүлөт;
  • маалыматтуулук – кайтарым байланыш аркылуу окуучунун өздөштүрүү абалы жөнүндө маалымат берилип турушу керек, алынган маалымат түзөтүүчү функцияны жүзөгө ашырууга зарыл деп эсептелет;
  • ар тараптуулук– окугандыктын, тарбиялангандыктын, инсандын өнүккөндүгүнүн деңгээлин, педагогикалык процесстин катышуучуларынын даярдык деңгээлин аныктоону камсыздайт;
  • улантуучулук – узак убакыт бою окуучулардын жыйынтыктарына үзгүлтүксүз байкоо жүргүзүп туруу, бул принцип билимдеги жана билгичтиктеги өзгөрүүлөрдү, өсүүлөрдү белгилөө зарылдыгын белгилейт, тенденцияны жана келечектеги окутуу менен диагноздоого карата стратегияны түзүп чыгууну ачыкка чыгарат;
  • бирдиктүү талап кылуучулук – ар бир окуучуга татаалдыгы жагынан бирдей болгон тапшырмалар берилиши жана ушунун негизинде анын окуу жетишкендиктери бирдей бааланышы, диагноздоону уюштуруу бирдиктүү программанын алкагында ишке ашырылышы керек.

Окуу жетишкендигин диагноздоонун негизги максаттары [2]:

  1. Окутуунун натыйжасы менен максаттын ылайык келүү даражасын талдоо.
  2. Ыкмалардын, окуу формаларынын өркүндөөсүн жана динамикасын аныктоо.
  3. Окуучунун билимдерди өздөштүрүүсүндөгү чыныгы деңгээлин аныктоо.
  4. Окуучулардын билиминдеги кемчиликтердин себептерин талдоо жана аныктоо.
  5. Окуучунун түрдүү сапаттарынын калыптанышын иликтөө.
  6. Мугалимдин педагогикалык чеберчилигин жакшыртуу.
  7. Мугалим тарабынан окуучунун билимине түзөтүү жүргүзүү.
  8. Окуучунун өзүн-өзү түзөтүүсү жана талдоосу.
  9. Чечим кабыл алуу жана окутуунун кийинки этаптарын пландоо.
  10. Билим берүү процессинин сапатын арттыруу.

Окуучунун билиминин алгачкы деңгээлин (таяныч билимин) аныктоодо баштапкы диагноздоо уюштурулат. Диагноздоонун бул түрү кийинки окуу процессинде окуу материалын сапаттуу өздөштүрүүгө олуттуу жардам берет. Бул түрдөгү диагноздоо окуу процессинин ар кандай учурларында ишке ашырылып турат:

  • окуу жылынын башталышында окуучулардын билиминдеги окуу предметине керектүү болгон негизги түшүнүктөрү тууралуу окуучулардын түшүнүктөрүн аныктап алуу максатында;
  • теманы же бөлүмдөрдү үйрөнүп баштоонун алдында окуу материалынын мазмунун жеткиликтүү өздөштүрүүгө жеткирүүчү таяныч билимдерди аныктоо максатында

Информатика боюнча билим деңгээлин аныктоонун эң заманбап жолу – бул - күнүмдүк диагноздоо сабак учурунда ишке ашырылат. Күнүмдүк диагноздоонун максаты: билим менен билгичтиктин деңгээлин жана теманы үйрөнүүдөгү мыйзам ченемдүү байланыштарды аныктоо; кемчиликтерди жана алардын пайда болуу себебин иликтөө; кемчиликтерди жоюуга карата комплекстүү аракеттерди иштеп чыгуу. Алар окуу материалынын мазмунунан, анын татаалдыгынан, деңгээлинен жана окутуунун максатынан, конкреттүү шарттардан көз каранды. Билим берүү стандартын иштеп чыгуунун ушул этабында компьютердик тестирлөөнүн жардамы кеңири кендигин окумуштуулар белгилеп келишет. Күнүмдүк тдиагноздоо өз ара байланышкан төмөнкү функцияны аткара алат:

  • Маалыматтуулук функциясы. Диагноздоодо окуучу жөнүндө маалымат алынат. Бул маалымат тиешелүү субъектилерге (педагогдорго, окуучуларга, жетекчилерге) абдан керек. Ал маалыматтар окуу процессин башкарууга дагы өз пайдасын тийгизет, анткени пайда болгон кемчиликтерди жоюу жөнүндө кандайдыр бир деңгээлде башкаруу чечими чыгарылат.
  • Түшүндүрүүчүлүк функция – учурдагы жагдайды терең талдоо керектигин, окуучунун билими жөнүндөгү кемчиликтин себебин түшүндүрүүнү көрсөтөт. Себепти түшүндүрүүчү процедура көмүскөдөгү фактыларды сууруп чыгууну көздөйт, айрыкча, бул окуу материалын өздөштүрүүнүн процессине жана жыйынтыгына таасир этет.
  • Контролдоочулук функция. Максатка жетүүдөгү аракет, окуучунун даярдык деңгээли, мугалимдердин профессионалдык сапаты, окутууну уюштуруучу каражаттар жана формалар – бүткүл педагогикалык процесс пландуу болушу зарыл.
  • Баалоочу функция - окутуу ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы критерийлер жана көрсөткүчтөр аркылуу салыштыруу менен баалоо.
  • Тарбиялоочу функция - окуу процессине катышуучулардын өз ара аракет кылуусуна жоопкерчиликти арттырууга жардам берет. Диагноздоо тапшырмаларды өз убагында аткарууга, өз оюн кыска, мазмундуу түшүндүрүүгө, ой жүгүртүүгө үйрөтөт, мугалим менен окуучунун ортосунда байланышты жана мамилени жөнгө салууга мүмкүндүк берет.
  • Таасир кылуучу функция. Диагноздоонун жыйынтыгы окуу процессинин келечегине түздөн-түз таасир этет. Информатиканын окуу материалы улам татаалдашкан тартипте жайгашкан. Улам кийинки окуу материалы мурунку материалдын өздөштүрүлүшүнөн көз каранды.
  • Прогноздоочу функция - окуучунун келечектеги жетишүүсүн болжолдойт. Бардык эле кабыл алынган башкаруучу чечимдер прогноздоочу мүнөздө болот. Эң эле керектүүсү болуп окуучунун келечектеги жетишкендигин прогноздоо, белгиленген максаттарга жетүү үчүн чара көрүү, ар кандай кырдаалдарга карата вариативдүү (ар кандай) чечимдерди даярдоо эсептелет.

Окуучулардын окуу жетишкендигин текшерүүнүн (диагноздоонун) оптималдуу ыкмасы катары компьютердик тестирлөө экендигин окумуштуулар белгилеп келишет. Ал бардык окуучуларды контролдоо процессинде да, баалоо процессинде да бирдей шартка коюп, мугалимдин субъективдүүлүгүн жокко чыгарат [3].

Билимди объективдүү текшерүүгө мүмкүндүк берүүчү зарыл кадам – бул студенттерге информатика тармагындагы бардык билимдерин жана көндүмдөрүн көрсөтүүгө мүмкүндүк берүүчү сапаттуу жана ар тараптуу ойлонулган тапшырмалардын базасын түзүү.

Иштелип чыккан тестирлөө системасында тапшырмалардын алты түрү болушу мүмкүн:

  1. Бир саптагы жооп.
  2. Көп саптык жооп.
  3. Бир нече туура жоопторду тандоо.
  4. Бир туура жоопту тандоо.
  5. Туура ырааттуулукту аныктоо.
  6. Шайкеш келтирүү.

Бир саптагы жооп. тапшырманын бул түрү үчүн окуучу туура жоопту киргизиши керек. Мисалы, кырдаалдык маселени чечүүнүн натыйжасы.

Көп саптык жооп. Окуучу тапшырмага толук өз алдынча жооп бериши каралат. Мисалы: "Компьютер тармагынын аныктамасын жазыңыз". Жыйынтыгы мугалим тарабынан 0-100%га чейинки аралыкта аныкталат. Баалоо жооптун толуктугуна жараша.

Бир нече туура жоопторду тандоо тапшырмасы. Тапшырманын бул түрү бир нече варианттардан турган тизмени камтыйт: булар бир нече туура жооптор, бардык туура жооптор же такыр эле туура эмес жооптор болушу мүмкүн.

Бир туура жоопту тандоо тапшырмасы. Тапшырманын бул түрүндө бир гана туура жооп бар. Демек, окуучу туура жоопту тандаса, бул суроо үчүн 100%, башка учурда 0% алат.

Туура ырааттуулукту аныктоо. Окуучу элементтердин туура жайгашуусу менен логикалык чынжыр түзүшү керек. Натыйжада туура позициялардагы элементтердин жалпы санына карата пайызы эсептелет. Тапшырманын бул түрү алгоритмдер боюнча билимди диагноздоодо абдан пайдалуу.

Шайкеш келтирүү. Тапшырманын бул түрү логикалык жуптарды түзүүнү камтыйт. Мугалим белгилүү туура жуптарды түзөт, бирок тестирлөө учурунда окуучулар үчүн тапшырманын жооптору алар аралаштырылат. Бул тесттин жыйынтыгы жуптардын жалпы санына карата туура түзүлгөн түгөйлөрдүн пайыздык көрсөткүчү болуп саналат.

Окуучулардын окуу жетишкендиктерин диагноздоо же баалоо үчүн төмөнкү суроолордун түрлөрү эң ыңгайлуу:

  1. Логикалык ырааттуулуктар – бул түрү окуучулардын алгоритмдер боюнча билимин, маселени чечүү үчүн же процесстердин ичинде аткарылышы керек болгон аракеттердин ырааттуулугун текшерүү үчүн колдонулат. Мисалы: сызыктуу (же тармактуу) алгоритмдерди, логикалык жактан аяктаган аракеттерге (блокторго) бөлүү, алар тапшырмада туш келди тартипте көрсөтүлөт.
  2. Информатика көйгөйлөрүнүн натыйжаларын текшерүүдө (мисалы, берилген локалдык же глобалдык тармакта келген маалыматтын дарегин аныктоо үчүн же белгилүү IP даректен тармакты же хост идентификаторун баяндоодо) бир саптан турган жоопту колдонсо болот.
  3. Көп варианттуу тапшырма (бир нече туура жоопторду тандоо) – татаал тапшырмаларды түзүү үчүн колдонулат, ага жооп берүү үчүн окуучу информатикадагы ар кандай билим берүүчү маалыматтарды логикалык жактан салыштыра (айкалыштыра) билиши керек.

Информатика боюнча компьютердик тесттер дидактикалык процесстин ар бир этабында колдонулат. Алардын жардамы менен жогорку сапаттагы учурдагы, этап-этабы менен жана жыйынтыктоочу көндүмдөрдү контролдоону, жетишкендиктерди жана окуу жетишкендиктерин эсепке алууну камсыз кылууга болот.

Информатика боюнча тесттерди колдонуу окутуунун мазмунунун, деңгээлинин жана сапатынын мамлекеттик билим берүү программаларынын талаптарына ылайык келүүсүн жана билимди өздөштүрүүнүн ийгилигин аныктоо үчүн окуучулардын билимин объективдүү текшерүүгө жардам берет жана системаны келечегин өркүндөтүүгө таасирин тийгизет

 

Адабияттар:

  1. Кыргыз Республикасында 2012-2020-жылдарда билим берүүнү өнүктүрүүнүн Стратегиясы
  2. Бекежанов, М.М. Компьютерная диагностика результатов обучения в общеобразовательной школе: практико-ориентированная монография [Текст] / С.К.Калдыбаев, Д.М. Ажыбаев, М.М. Бекежанов. – Бишкек, 2007. –136с.
  3. Калдыбаев, С.К. Тестти окуу процессинде колдонуунун теориялык жана практикалык маселелери: монография [Текст] / С.К.Калдыбаев –Бишкек: Педагогика, 2003. -332 б.
Удалить статью(вывести сообщение вместо статьи): 

Оставить комментарий

Форма обратной связи о взаимодействии с сайтом
CAPTCHA
Этот вопрос задается для того, чтобы выяснить, являетесь ли Вы человеком или представляете из себя автоматическую спам-рассылку.