Телефон: 8-800-350-22-65
WhatsApp: 8-800-350-22-65
Telegram: sibac
Прием заявок круглосуточно
График работы офиса: с 9.00 до 18.00 Нск (5.00 - 14.00 Мск)

Статья опубликована в рамках: Научного журнала «Студенческий» № 21(233)

Рубрика журнала: Информационные технологии

Скачать книгу(-и): скачать журнал часть 1, скачать журнал часть 2, скачать журнал часть 3, скачать журнал часть 4, скачать журнал часть 5, скачать журнал часть 6, скачать журнал часть 7, скачать журнал часть 8, скачать журнал часть 9

Библиографическое описание:
Абдикутузов Б.А., Эргешова Э.С. ЗАМАНБАП ВЕБ ТИРКЕМЕЛЕРДИ ИШТЕП ЧЫГУУ ҮЧҮН PHP-ФРЕЙМВОРКТӨРДҮ ТАЛДОО // Студенческий: электрон. научн. журн. 2023. № 21(233). URL: https://sibac.info/journal/student/233/294539 (дата обращения: 16.07.2024).

ЗАМАНБАП ВЕБ ТИРКЕМЕЛЕРДИ ИШТЕП ЧЫГУУ ҮЧҮН PHP-ФРЕЙМВОРКТӨРДҮ ТАЛДОО

Абдикутузов Байыш Абдикутузович

магистрант, Ош мамлекеттик университети,

Ош, Кыргызстан

Эргешова Элмира Сагынбаевна

магистрант, Ош мамлекеттик университети,

Ош, Кыргызстан

Молдояров Уларбек Дуйшобекович

научный руководитель,

илимий жетекчи, ф.-м.и. к., доцент, Ош мамлекеттик университети,

Ош, Кыргызстан

АННОТАЦИЯ

Учурдагы сайттардын бардыгын эки негизги топко бөлүүгө болот: статикалык сайттар жана динамикалык сайттар. Бул макалада статикалык сайттар жана динамикалык сайттардын айырмачылыгы, артыкчылыктары жана кемчиликтери, динамикалык сайттардын маалыматтык-маалымдамалык кызматы үчүн веб-сайттын макетин жөнөкөйлөтүүчү, ыкчам жооп берген сайттарды түзүүгө мүмкүнчүлүк берген адаптациялык фреймворктү тандап алуу каралган жана белгилүү адаптивдүү CSS (Cascading Style Sheets, каскаддык стилдердин таблицалары) фреймворктөрү (bootstrap, foundation, skeleton) каралып, CSS фреймворктөрүн салыштыруу үчүн критерийлер келтирилди.

АННОТАЦИЯ

Все существующие сайты можно разделить на две основные группы: статические сайты и динамические сайты. В данной статье рассматриваются отличия, преимущества и недостатки статических сайтов и динамических сайтов, выбор адаптивного фреймворка, который упрощает верстку сайта для информационно-справочной службы динамических сайтов, позволяет создавать адаптивные сайты и популярные CSS (Cascading Style Sheets, каскадные таблицы стилей, ) фреймворки (bootstrap, foundation, skeleton) и даны критерии сравнения фреймворков CSS.

 

Ачкыч сөздөр: фреймворк, css, bootstrap, foundation, skeleton, веб-сайт, html, javascript, back-end, frontend.

Ключевые слова: framework, css, bootstrap, фундамент, скелет, веб-сайт, html, javascript, серверная часть, внешний интерфейс.

 

Бардык программалык продуктуну иштеп чыгууда баштапкы милдет программалык платформаны тандап алуу. Көбүнчө иштеп чыгуучулар иштин ылдамдыгы жана тигил же бул функцианалдын зарылдыгына маани беришет. Команда фреймворктүн ынгайлуулугун жана ылдамдыгын салыштырат. PHP – фреймворктөрүн салыштыруу маселеси боюнча китептерде, интернетте ж.б. булактарда маалыматтар, макалалар көп болгону менен ал маалыматтар эскирген. Убакыттын өтүшү менен бул тармак жаңыланууда жана тынымсыз өнүгүүдө, ошондуктан бул макала жазылып жатат.

Фреймворк - бул веб-иштеп чыгуучулар, сайттарды түзүүдө колдоно турган шаймандардын, библиотекалардын жана даяр модулдардын жыйындысы. DesignCodes IT компаниясынын Frontend иштеп чыгуучусунун айтымында “Фреймворктөр вебди иштеп чыгууда рамкалардын негизинде курулып, сайттар жеткиликтүүрөөк, жооптуу жана стандарттарга шайкеш келет.» [3]. Ошондуктан Frontend иштеп чыгуучулар фреймворктү туура тандоо менен төмөнкүдөй мүмкүнчүлүктөргө жетишет:

  • процессти жөнөкөйлөтөт жана тездетет;
  • сайтты иштеп чыгуу үчүн керектүү шаймандардын бардыгы бар;
  • ыкчам жооп берген сайттарды түзүүгө мүмкүнчүлүк берет;
  • тааныш эмес сайт менен кантип иштөөнү түшүнүү оңой.

Өндүрүмдүүлүктү баалоодо PHP Framework Benchmark колдонулду. Бул макаланын негизги максаты PHP 5.6/7.0/ 7.1 версияларынын эффективдүүлүгүн жана өндүрүмдүүлүгүн жакшыртуусун аныктоо. Тажрыйба көрсөткөндөй тилдин дал ушул версиялары эң популярдуу болууда.

Тестирлөө бир нече түргө ажыратылат: өндүрүмдүүлүк, ээлеген эс-тутум, аткаруу мөөнөтү жана туташтырылган файлдардын саны. Төмөнкү фреймворк тандалып алынды phalcon-3.0, phpixie-3.2, yii-2.0, laravel-5.4, ze1.0, zf-3.0, slim-3.0, silex-1.3, symfony-3.0, bluz, ci-3.0, zf-2.5, laravel-5.3, lumen-5.1, symfony- 2.7, fuel-1.8.

Сыноо жүргүзүлгөн машина төмөнкү мүнөздөмөлөргө ээ:

 

1-сүрөт. Тестирлөө жүргүзүлгөн машинанын мүнөздөмөсү

 

PHP Framework Benchmark структурасы төмөнкүдөй: дирректория /benchmark bash- скриптти камтыйт, /lib алынган жыйынтыктардын таблицасына жооп берүүчү жана маалыматтарды иштеп чыгуучу файлдарды сактайт.

Тестти ишке киргизүүдөн мурда фреймворктөрдү настройкалоо зарыл, өзүнчө фреймворктөрдү орнотуудан bash setup.sh fatfree3.5/slim-3.0/lumen-5.1/silex-1.3/. командасын колдонсо болот. Настройкадан кийин тестирлөө bash benchmark.sh. жардамы менен ишке киргизилет. Аткарылган жумуштун аягында терминалдын терезесинде тестирленген фреймворктөрдүн тизмеси таблица түрүндө чыгат: ээлеген эс тутум, бир секундадагы сурамдар ж.б. Ар бир фреймворк бир секунддун ичинде белгилүү сандагы сурамдарды иштеп чыга алат жана көрсөткүч канчалык жогору болсо иштелип чыккан колдонмо ошончолук жемиштүү болот.

 

 

Жогоруда (1-таблицада, 1-диаграммада) көрүнүп тургандай, ар кандай алдыңкы фреймворктөрдүн өз артыкчылыктары бар. Ошондуктан, кандайдыр бир конкреттүү фреймворктү тандаардан мурун, көптөгөн варианттарды талдап чыгуу зарыл.

Изилдөө учурундагы салыштыруулар көрсөткөндөй, динамикалык веб-сайттарды иштеп чыгууда Bootstrap фреймворкү биз үчүн зарыл болгон бардык мүмкүнчүлүктөрдү канааттандырат жана веб-сайтты түзүүдө, өнүктүрүүдө колдонсо болот деген тыянак чыгарсак болот.

 

Библиографиялык шилтемелер:

  1. Vanar.md [Электронный ресурс]. URL: https://vanar.md/novosti/top-10-front-end-fpeymvopkov-v-2016 (дата обращения: 03.11.2022).
  2. KtoNaNovenkogo [Электронный ресурс]. URL: http://ktonanovenkogo.ru/ (дата обращения: 12.12.2022).
  3. Te-st.ru [Электронный ресурс]. URL: https://te-st.ru/2017/08/01/ui-framework/ (дата обращения: 21.12.2022).
  4. Книга веб-программиста: секреты профессиональной разработки веб-сайтов / Б. Хоган, К. Уоррен, М. Узбер, К. Джонсон, А. Годин. М. : Питер, 2013. 288 с.
  5. Te-st.ru [Электронный ресурс]. URL: https://te-st.ru/2017/08/01/ui-framework/ (дата обращения: 21.01.2023).
  6. Книга веб-программиста: секреты профессиональной разработки веб-сайтов / Б. Хоган, К. Уоррен, М. Узбер, К. Джонсон, А. Годин. М. : Питер, 2013. 288 с.

Оставить комментарий

Форма обратной связи о взаимодействии с сайтом
CAPTCHA
Этот вопрос задается для того, чтобы выяснить, являетесь ли Вы человеком или представляете из себя автоматическую спам-рассылку.