Телефон: 8-800-350-22-65
WhatsApp: 8-800-350-22-65
Telegram: sibac
Прием заявок круглосуточно
График работы офиса: с 9.00 до 18.00 Нск (5.00 - 14.00 Мск)

Статья опубликована в рамках: Научного журнала «Студенческий» № 14(184)

Рубрика журнала: Медицина

Скачать книгу(-и): скачать журнал часть 1, скачать журнал часть 2, скачать журнал часть 3, скачать журнал часть 4, скачать журнал часть 5, скачать журнал часть 6

Библиографическое описание:
Карыпова А.Р. “СЕМИРҮҮ” КӨЙГӨЙҮНҮН ДҮЙНӨ ЖҮЗҮНДӨГҮ ЖАНА КЫРГЫЗСТАНДАГЫ АЗЫРКЫ АБАЛЫ // Студенческий: электрон. научн. журн. 2022. № 14(184). URL: https://sibac.info/journal/student/184/248425 (дата обращения: 20.04.2024).

“СЕМИРҮҮ” КӨЙГӨЙҮНҮН ДҮЙНӨ ЖҮЗҮНДӨГҮ ЖАНА КЫРГЫЗСТАНДАГЫ АЗЫРКЫ АБАЛЫ

Карыпова Адинай Руслановна

магистрант, Кыргыз-Түрк «Манас» университети,

Кыргыз Республикасы, Бишкек ш.

Чекиров Кадырбай Бекбалаевич

научный руководитель,

илимий жетекчи, биол.илим.канд., доцент, Кыргыз-Түрк «Манас» университети,

Кыргыз Республикасы, Бишкек ш.

Исакова Жайнагуль Толоновна

научный руководитель,

илимий жетекчи, мед.илим.д-ру., проф., Молекулярдык биология жана медицина институту,

Кыргыз Республикасы, Бишкек ш.

ТЕКУЩЕЕ СОСТОЯНИЕ ПРОБЛЕМЫ «ОЖИРЕНИЯ» ВО ВСЕМ МИРЕ И В КЫРГЫЗСТАНЕ

 

Карыпова Адинай Руслановна

магистрант, Кыргызско-Турецкий университет «Манас»,

Республика Кыргызстан, г. Бишкек.

Чекиров Кадырбай Бекбалаевич

научный руководитель, канд. биол. наук, доц., Кыргызско-Турецкий Университет «Манас»,

Кыргызская Республика, г. Бишкек

Исакова Жайнагуль Толоновна

научный руководитель, д-р. мед. наук, проф., Институт молекулярной биологии и медицины,

Кыргызская Республика, г. Бишкек

 

АННОТАЦИЯ

“Семирүү” көйгөйүнө байланыштуу жарыяланган илимий макалалар боюнча Бүткүл Дүйнө жүзүндөгү жана Кыргыз Республикасындагы абалына баа берилип, изилденди. Маалым болгондой, “Семирүү” эпидемиологиялык көйгөй катары кеңири таралган жана бир катар патологиялык процесстердин пайда болушунун көрсөткүчү башкача айтканда индикатор.

АННОТАЦИЯ

Изучены научные статьи опубликованные во всем мире по проблеме ожирения и ситуация в Кыргызской Республике в сравнении с этими исследованиями. Стало известно, что эпидемиологическая проблема ожирения имеет широкое распространение и является индикатором т.е. показателем возникновения ряда патологических процессов.

 

Ачкыч сөздөр: семирүү, эпидемиология, индикатор, патологиялык процесстер.

Ключевые слова: ожирения, эпидемиология, индикатор, патологические процессы.

 

Акыркы он жылдыкта жер бетиндеги бүтүндөй адамзатынын жашоо образы өзгөрдү. Экономикалык өсүш, техникалык прогресс, калктын урбанизацияланышы жана социалдык сферадагы өзгөрүүлөр тамак – аштын да өзгөрүшүнө, бирок ошол эле учурда күнүмдүк физикалык активдүүлүк – керектелген азык – затка карата кыйла жетишсиз болуп калды. Жогорку калориялуу тамактар, шекердүү – газдалган суусундуктар, жеңил жана тез даярдалуучу жайларда тамактануу, кыймылсыз жашоо мүнөзү менен айкалыштыруу ашыкча салмак кошууну, семирүүнүн кеңири жайылышына түрткү болду [4].

Жалпысынан, дүйнө жүзү боюнча аномалдуу төмөн салмактагы адамдарга салыштырмалуу ашыкча салмак жана семирүүнүн кесепетинен улам көз жумгандар көп. Семирүү менен жабыркаган адамдардын саны салмак кошпогондордун санына салыштырмалуу кыйла жана бул көрүнүш Африканын, Сахаранын түштүк бөлүгүнөн башка бардык аймактарда кездешет[25].

“Семирүү” олуттуу, эң кеңири таралган оорулардын бири. Ал экономикалык жактан өнүккөн өлкөлөрдүн медициналык жана социалдык көйгөйүнө айланган: 1998 – жылы семирүү көйгөйү менен дүйнө жүзү боюнча 250 млн. адам катталган, ал эми дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун берген божомолдоруна ылайык 2025 – жылы бул көрсөтүч кыйла жогорулап, 300 млн. адамды түзүшү мүмкүн [7].

Өнөр жайы өнүккөн өлкөлөрдө, калктын жарымына жакыны (Япония менен Кытайды кошпогондо) ашыкча салмактуулук менен жабыркашат [5]. Акыркы он жылдын ичинде дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө семирүү көйгөйү орточо эсеп менен эки эсеге өстү, бирок дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүндө анын таралышы бирдей эмес [1]. Ошентип, бул чөйрөдөгү лидер – Америка Кошмо Штаттары, анда калктын – 50% дан ашыгы ашыкча дене салмактуулук жана 34 миллиондон ашык адам семирүүгө душар болушкан. Бул семирүү көйгөйү 20 жаштан ашкан аялдардын – 35% жана эркектердин – 31%, ошондой эле балдар менен өспүрүмдөрдүн – 25% түзөт [4]. J.S. Stern ж.б. авторлордун айтымында, семирүү көйгөйү Америкага жылына 70 миллиард доллар чыгым алып келет [27]. Эгерде бул көрсөткүчтөр келечекте улана берсе, анда 2230 – жылы АКШ калкынын 100%ы семирип кетиши ыктымал. Европа өлкөлөрүндө семирүүнүн таралышы, АКШга караганда азыраак болсо да, таасирдүү. Семирүү көйгөйүнө чалдыгуу континенттин түштүгүндө бир аз жогору жана Скандинавия өлкөлөрүндө азыраак[8,9,10]. Дээрлик бардык мамлекеттерде оорунун күчөшү байкалууда. Мындан тышкары, акыркы он жылдыкта калк үчүн билим берүү программалары жайылып, жашоочуларды рационалдуу тамактанууга жана активдүү жашоо образына багыттоо менен бул тенденциялардын төмөндөшү токтогон жок [2,18]. Батыш өлкөлөрүндө семирүү көйгөйүнүн көбөйүшү – орточо калориялуулуктун жана орточо тамактын майлуулугунун азайышынын фонунун байкалышы менен ишке ашат. Бул көрүнүш, биринчи жолу Америкада жүргүзүлгөн эпидемиологиялык изилдөөлөрдө аныкталган жана ал "Американын парадоксу " деген атка ээ болгон. Бул азыркы коомдо байкалган, энергияны керектөөнүн төмөндөшү менен байланыштуу болушу мүмкүн деп эсептелет [13,14,15]. Эң өкүнүчтүүсү, экономикалык жактан өнүккөн – Франция, Италия, Германия, Улуу Британия ж.б. Европа өлкөлөрүнүн көрсөткүчтөрү да Америка Кошмо Штаттарына жакын. Бул өлкөлөрдө орточо эсеп менен калктын ичинен 30% га жакыны семирүү көйгөйүнө кабылышкан. Атап айтканда, 2006-жылы Германияда ашыкча салмактуулуктун жана семирүүнүн таралышы – 71%га, Испанияда жана Нидерландыда – 69% га, Швецияда – 60% га  жана Италияда – 59% чейин көбөйүшү байкалган [16,17].

Түркия мамлекетинде да ден соолукка терс таасирин тийгизген татаал жана көп факторлуу оору катары кабыл алынган семирүү, алдын ала турган өлүмдөрдүн ичинен тамеки чегүүдөн кийинки экинчи маанилүү себеп болуп саналат. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму 2016-жылы Түркияда 16 миллион 92 миң 644 адам семирүү көйгөйүнө кабылгандыгын жана Түркиянын 29,5% менен Европада семирүү эң көп таралган өлкөлөрдүн бири болгонун билдирди [30].

80 – жылдары ашыкча салмактуулук жана семирүү көйгөйү Россиянын калкынын болжол менен 50%ын түзгөн, ал эми 90 – жылдардын башында бул категорияга кирген 55-65 жаш курактагы аялдардын саны – 63%га барабар болгон. Коркунучтуу фактылардын бири 15% га жакын 15тен 20 жашка чейинки жаштарда ашыкча салмактуулуктун байкалышы болуп саналат[6]. Россияда, эпидемиологиялык кызматкерлердин берген маалыматы боюнча, эркектердин 10дон 20%  жана эмгекке жарамдуу аялдардын 30дан 40% га чейин семирүү патологиясы менен жабыркап, врачтарга кайрылуусунун негизги себептеринин арасында жалпы профилдин же оорулардын ичинен 10 – 11 орунду ээлейт [22,23,24].

Семирүү жыштыгынын жыныска болгон көз карандылыгына келсек, ал дээрлик бардык жерде бар жана аялдар эркектерге караганда көбүрөөк жапа чеге утргандыгы маалым. Бул эрежеден бир гана өзгөчөлүк болуп – Финляндия эсептелинет, бул мамлекетте - айрыкча акыркы жылдары эркектердин оорусу аялдарга караганда бир аз жогору. Баса белгилеп кетүүчү нерсе, аялдардын семирүү жыштыгы жана даражасы алардын жарыкка алып келген балдарынын саны менен түздөн – түз байланышы бар [19, 21].

Семирүү көрүнүшү келип чыгуусу боюнча бир болгон патологиялар менен  байланышкан болушу мүмкүн. G. Reaven "метаболизм синдрому" же "X синдрому" жөнүндө гипотезаны алдыга койгон жана  бардык белгилер ткандардын инсулин каршылыгына (балким генетикалык жактан аныкталган) байланыштуу экенин баса белгилеп кеткен. Семирүү көйгөйүн коштоп жүргөн оорулардын пайда болуу коркунучу – май тканынын топтолушу менен аныкталат[21].

Ден соолукка эң жагымсыз – бул абдоминалдык семирүү тиби(түрү) эсептелинет, эреже катары, ал  гормоналдык жана метаболизм комплекстеринин бузулуулары менен айкалышкан. Бүгүн дүйнө жүзүндөгү кардиологдор “артериялык гипертензиянын (АГ)” метаболикалык вариантынын эпидемиясы жөнүндө айтышат же башкача дагы айтканда “заманбап жашоо синдрому”[20]. Фремингемдик изилдөөлөр көрсөткөндөй, гипертония менен ооруган бейтаптардын 70% дан ашыгы ашыкча салмактуулук жана алардын 45% АГ менен жабыркайт, анын үстүнө 70%ы учурунда эркектерде жана аялдарда 60%ы АГ сөзсүз түрдө семирүү менен байланышкан. Ар бир кошумча килограмм үчүн гипертония коркунучу 5% га көбөйөт [28]. Семирүү АГ жана жүрөк – кан тамыр ооруларынын өлүмгө алып келүүчү көз карандысыз тобокелдик фактору болуп саналат жана алардын айкалышы бейтаптардын жашоо узактыгына жана сапатына олуттуу таасирин тийгизет [5,3]. Төмөнкүлөр абдан маанилүү маалыматтар: 50 жаштан жогорку куракта семирүүгө чалдыккандардын – 50% кан басымы жогору, 50% атеросклероз жана коронардык жүрөк оорулары, ошондой эле – 30% 2 типтеги кант диабетинин белгилери бар [16]. Бир бейтаптын бир убакта жогоруда айтылган эки же үч ооруга чалдыгуусу сейрек эмес. Кээ бир авторлордун белгилегендери боюнча, орто курактагы нормалдуу салмактагы эркектерге салыштырмалуу ошол эле курактагы, бирок  ашыкча салмактуулук менен жабыркагандардын, салмагы жалпы дене салмагынан 20%(норма 12 – 15%) ашык болгон учурда миокарддын инфарктына алып келүү  тобокелдиги жогору. Жүрөк – кан тамыр ооруларынан улам көз жумган адамдардын көбөйүшүнүн бирден – бир себеби семирүү менен байланыштуу болгондугун да белгилешет [28].

K.Greenlund айтымында, балдардагы семирүү эненин семирүүсү менен байланышкан (80%), атасы аркылуу бул балада семирүүнүн пайда болуу ыктымалдыгы – 50% түзөт.  Семирүү менен жабыркаган ата – энелердин тукум куучулук механизмдери, ошондой эле ашыкча дене салмактын өсүшүнө салым кошо турган жашоо образы менен  байланышкан үй – бүлөнүн тамактануу адаттары, ушундай үй – бүлөлөрдө балдардын семирип кетүү ыктымалдуулугу жогору деп эсептелет. Бул эки топтун(тукум куучулук жана тарбия берип жаткан процессинде пайда болгон) себептерин ишенимдүү түрдө ажыратуу кыйын [23].

Кыргыз Республикасындагы ашыкча салмактуулук жана семирүү. Кыргызстанда семирүү менен жабыркаган жарандардын саны көбөйгөнүн Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматына таянып, азык-түлүк айыл чарба уюмунун (FAO) Кыргызстандагы өкүлчүлүгү билдирди[26].

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматы боюнча 2000-жылы 18 жаштан жогорку 8,1 пайыз кыргызстандын тургундары семирүү көйгөйүнө дуушар болушкан. 2014-жылы бул көрсөткүч 13 пайызга чейин өскөн (1-диаграмма). Анын үстүнө акыркы тогуз жылда өсүү динамикасы өстү[11].

 

1 диаграмма. 2000 – 2014 - жылдар аралыгында тургундардын семирүү көйгөйүнө кабылышынын көрсөткүчү (%)

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитетинин 2014-жылга берген маалыматы боюнча Кыргызстанда эркектердин – 34,7% жана аялдардын – 30,1% ашыкча салмактуулук менен жана 11,6% аялдар жана эркектердин 8,4% семирүү көйгөйүнө дуушар болушкан. Ал эми 2019-жылы ашыкча салмактагы эркектер -  40,4% жана аялдар - 32,5% түздү. 12,9% аялдар жана 8,5% эркектер семирүү көйгөйү менен жабыр тартып келишет(2-диаграмма). Ашыкча салмактагы адамдардын эң жогорку үлүшү 30 жаш жана андан жогорку жаштагы эркектер арасында белгиленди[12].

Убакыттын өтүшү менен семирүү улуу муундагы калктын арасында олуттуу көйгөй бойдон калууда. 2020-жылы ашыкча салмак эркектердин 41,3%да жана аялдардын 34,3%да катталган.

Аялдардын 13,7%ы, эркектердин 8,7%ы ашыкча салмакка ээ болгон. 30 жана андан жогорку жаштагы эркектердин арасында ашыкча салмактуу адамдардын жогорку үлүшү белгиленди[12].

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин 2014-2018ж. аралыгында  беш жашка чейинки балдардын арасындагы ашыкча салмактуулуктун таралуусун (област жана шаарларда) - көп индикаторлуу кластердик изилдөөнүн жыйынтыгында алынган маалыматтар боюнча жалпы республикада бул көйгөй менен жабыр тарткандардын саны 2014–ж. – 7% түзгөн, бирок төрт жыл аралыгында бул көйгөйдүн аз да болсо төмөндөсү 2018–ж. – 6,9% байкалгандыгы менен кээ бир аймактарда 2014–жылга салыштырмалуу саны көйбөйгөн(3-диаграмма) [29].

 

   

2–диаграмма. 2014 – жыл менен 2019 – жылы топтолгон маалыматтардан ашыкча салмактуулук жана семирүү көйгөйүүнүн пайыз(%) менен көрсөтүлүшү

 

3-диаграмма. Кыргыз Республикасында беш жашка чейинки балдардын арасында ашыкча салмактуулуктун таралуусу

 

Корутунду:

  • Жогорудагы берилген маалыматтардан улам – “семирүү” адамдын эволюциясынын натыйжасында пайда болгон патология же заманбап жашоо образынын патологиясы катары кароого боло тургандыгын далилденди.
  • Пандемиялык факторлорду белгилөө менен (физикалык жүктөмдун аз болушу, майлуу тамак–аштын көп өлчөмү ж.б.факторлор) биз семирүү көйгөйүн – “пандемия” катарына кире тургандыгын айта алабыз.
  • Ошентип, планетанын дээрлик ар бир үчүнчү тургуну семирүү көйгөйү менен  жабыркайт. Жыл сайын алардын саны барган сайын көбөйүүдө.
  • Семирүү эпидемиологиясын кылдат изилдөө, мындан ары жүрөк – кан тамыр жана башка оорулардын өнүгүү коркунучун, оорунун жеңил жүрүшүн камсыз кылуу, алдын алуу ошо менен бирге ашыкча дене салмактуулук менен жабыркаган бейтаптардын жашоо сапатын жакшыртуу үчүн кепилдигин көрсөтөт.

 

Библиография:

  1. Аметов А.С., Демидова Т.Ю., Целиковская А.Л. Ожирение и сердечно-сосудистые заболевания // Тер. архив. — 2001. — № 8. — С. 66–69.
  2. Бирюкова Е.В. Молекулярно-генетические, гормонально-метаболические и клинические аспекты метаболического синдрома: Дисс. док. мед. наук. Москва. – 2009.
  3. Брезина М. В., Михалева О. Г., Бардымова Т. П., Ожирение: механизмы развития. – Сибирский медицинский журнал, 2012, №7.
  4. Бритов А.Н. Артериальная гипертензия у больных с ожирением: роль лептина // Кардиология. — 2002. — № 9. — С. 69–71.
  5. Ефимов А.С., Карабун П.М., Эпштейн Е.В. Ожирение и сахарный диабет. Киев: Здоровья, 1987. — 141 с.
  6. Кадырова Р.Х., Салханов Б.А. Питание при ожирении. — Алма-Ата, 1990. — 125 с.
  7. Кобалова Ж.Д. Артериальная гипертония и ожирение: случайная ассоциация или причинно - следственная связь // Клин. фармакол. — 2000. —№ 3. — С. 35–39/3.
  8. Крюков Н.Н., Крачковский М.А. Тонизированные антигипертензионные препараты: преимущество и недостатки // Кардиология. — 1999. — № 2. — С. 92–96.
  9. Миняйлова Н.Н. Социально-генетические аспекты ожирения // Педиатрия. — 2001. — № 2. — С. 83–86.
  10. Мостовая Л.А., Петраш С.П. Ожирение у детей и подростков. — Киев.: Здоровья, 1982. — 160 с.
  11. На пути к улучшению здоровья в Кыргызской Республике. Доклад о ходе достижения целей в области здравоохранения и устойчивого развития в 2020 году. Копенгаген: Европейское региональное бюро ВОЗ; 2020 [Towards a healthier Kyrgyz Republic. Progress report 2020 on health and sustainable development. Copenhagen: WHO Regional Office for Europe; 2020].
  12. Национальный статистический комитет Кыргызской Республики. Здоровье населения и здравоохранение в Кыргызской Республике Статистический сборник. Бишкек, 2020г. www.stat.kg
  13. Оганова А.Г., Ермолин С.Н., Вуколова З.П., Суханова М.В. Иглорефлексотерапия и разгрузочно-диетическая терапия при алиментарном и гипотиреоидном ожирении // Военно-медицинский журнал. — 1998. — № 10. — С. 81–82.
  14. Савельева Л.В. Современные подходы к лечению ожирения // Врач. — 2003. — № 12. — С. 12–14.
  15. Старостина Е.Г., Древаль А.В. Проблема ожирения глазами врача и потенциального пациента. Тер. архив. — 2001. — № 10. — С. 14–20.
  16. Татонь Я. Ожирение. Патофизиология, диагностика, лечение. — Варшава — 1981. — 355 с.
  17. Терещенко И.В. Патогенетическое обоснование лечения ожирения // Проблемы эндокрин. —1993. — Т. 39, № 4. — С. 18–21.
  18. Ardizzi A., Grugni G., Moro D., Guazzaioni G., Foselli E., Morabito F., Gutierrez-Fisac J., Redidor E.,Rodziguez C. Frends in obesity differencts by educational level in Spain // J Clin Epidemiol. — 1996. —Vol. 49, № 3. — Р.351–354.
  19. Astrup A. The American paradox: the role of energy – dens fat – reduced food in the increasing prevalence of obesity // Curr Opin Clin Nurt Metab Care. — 1998. — Vol. 1, № 6. — Р. 573–537.
  20. Bessesen D., Kushner R., Evaluation & Management of Obesity. Center for Obesity Research and Education. Philadelphia: Hanley & Belfus; 2002.
  21. Bray J., Popkin B. Dietary fat intake does affect obesity // Am J Clin Nutr. — 1998. — Vol. 68, № 6. — Р. 1157–1173.
  22. Calle E., Thin M., Pertelli Jr. Body-mass index and mortality in a prospective cohot of U.S. adults // N Engl. Med. — 1999. — Vol. 341, № 15. — Р. 1097–1105.
  23. Chow W. Mc Laughlin J., Mandel J., Wacholder S., Niwa S., Fraumeni J. Jr Obesity and risk of renal cell cancer // Canser Epidemiol Biomarkers Prev. 1996. — Vol. 5, № 1. — Р. 17–21.
  24. Dick A., Suskin N. Fitness, fatness and mortality in men // Clin J Sport Med. — 1999. — Vol. 9, № 3. — 187 р.
  25. https://www.who.int/ru/news-room/fact-sheets/detail/obesity-and-overweight   
  26. Otunchieva, A.; Borbodoev, J.; Ploeger, A. “The Transformation of Food Culture on the Case of Kyrgyz Nomads—A Historical Overview”. Sustainability 2021, 13, 8371.
  27. Stern M. Epidemiology of obesity and its link to heart disiase // Metabolism. — 1995. — Vol. 44, № 9. — Р. 1–3.
  28. Zelan M.E. Clinical handbook of weight management // Martin Dunitz. — 1998. — Р. 113.
  29. https://med.kg/
  30. Türkiye Endokrinoloji ve Metabolizma Derneği. Obezite tanı ve tedavi kılavuzu. -2014. Meşrutiyet Cad., Ali Bey Apt. 29/12. Kızılay 06420, Ankarа.

Оставить комментарий

Форма обратной связи о взаимодействии с сайтом
CAPTCHA
Этот вопрос задается для того, чтобы выяснить, являетесь ли Вы человеком или представляете из себя автоматическую спам-рассылку.