Статья опубликована в рамках: CXXII Международной научно-практической конференции «Экспериментальные и теоретические исследования в современной науке» (Россия, г. Новосибирск, 25 февраля 2026 г.)
Наука: Филология
Скачать книгу(-и): Сборник статей конференции
дипломов
ЖАЗУУ ЖУМУШТАРЫ ҮЧҮН МАШЫГУУЛАР
УПРАЖНЕНИЯ ДЛЯ ПИСЬМЕННОЙ РАБОТЫ
Керимбердиева Айсалкин Дуйшеевна
старший преподаватель кафедры английского языка и литературы Жалал-Абадского государственного университета им. Б. Осмонова,
Кыргызская Республика, г. Манас
Абдухалилов Айбек Улукбекович
студент специальности «Лечебное дело» медицинского института Жалал-Абадского государственного университета им. Б. Осмонова,
Кыргызская Республика, г. Манас
Эшиев Асылбек Мирзатилаевич
профессор кафедры гуманитарных дисциплин Джалал-Абадского государственного университета имени Б. Осмонова, д-р филол.наук,
Кыргызская Республика, г. Манас
EXERCISES FOR WRITTEN WORK
Kerimberdieva Aysalkin Duysheevna
Lecturer, Department of English Language and Literature, B. Osmonov Jalal-Abad State University,
Kyrgyz Republic, Manas
Abdukhalilov Aibek Ulukbekovich
student majoring in General Medicine at the Medical Institute of the Jalal-Abad State University named after B. Osmonov,
Kyrgyz Republic, Manas
Eshiev Asylbek Mirzatilaevich
Professor of the Department of Humanities at the Jalal-Abad State University named after B. Osmonov, Doctor of Philological Sciences.
Kyrgyz Republic, Manas
АННОТАЦИЯ
Бул макалада дилбаяндар (эсселер) жана баяндамалар окуучулардын кептик жана ой жүгүртүү жөндөмдөрүн аныктоочу аудиториялык жазуу жумуштары катары каралат. Иштин максаты - тема жана микротемаларды аныктоо, тексттин мазмунун жана түзүлүшүн талдоо, жазуу жумуштары (дилбаян жана баяндама) үчүн план жана композициялык схеманы түзүү, кепти өстүрүү жана туура жазуу көндүмдөрүн бекемдөө. Окутуунун максатына, милдетине жана билим деңгээлине карай оозеки же жазма текстти талдоо, композициялык түзүмдү, планды, жумушчу материалдарды түзүү жана текстти (эссе, баяндама) редакциялоо, ошондой эле сүйлөө кырдаалынын шарттарын аныктоо жана оозеки жана жазма сөздөрдүн баштапкы үлгүлөрүн талкуулоо сыяктуу ыкмалар колдонулат. Натыйжада, кыска эсселер толук эсселерге салыштырмалуу чакан көлөмү, теманын жана микротеманын кыскалыгы, ошондой эле композициялык жана жанрдык өзгөчөлүктөрүнө ылайык, аларга кадимки эсселердегидей эле талаптар коюлары ачыкталат. Ошентип, баяндама окуучулардын акылын, ой жүгүртүүсүн жана сүйлөө жөндөмүн өнүктүрүүнүн натыйжалуу каражаттарынын бири болуп, анын негизги мүнөздөмөлөрү түпнуска тексттин өзгөчөлүктөрү, аны кабылдоо ыкмалары жана текст менен иштөө учурунда коюлган милдеттер менен тыгыз байланышта экендиги белгиленет.
АННОТАЦИЯ
В статье рассматриваются сочинение (эссе) и изложение как аудиторные письменные работы, проверяющие навыки речи и мышления учащихся. Целью работы является определить темы, микротемы, анализ содержания и структуры текста, создания плана и композиционной схемы письменных работ (сочинений и изложений); развитие речи, закрепление навыков грамотного построения фраз и правописания. В зависимости от цели и задачи обучения, уровня знаний используются такие методы, как анализ устного или письменного текста, создание композиционной схемы, плана, рабочих материалов и редактирование текста (сочинения и изложения), а также определение условий речевой ситуации, обсуждение первых вариантов устных и письменных высказываний. В результате выявляются, что короткие сочинения отличаются небольшим размером по сравнению с полноценными эссе, специфической краткостью темы и микротемы, а также в соответствии со своими композиционными и жанровыми особенностями предъявляются к ним те же требования, что и к обычным эссе. Выясняется, что изложение - одно из эффективных средств развития интеллекта, мышления и речи учащихся, основные характеристики тесно связаны с особенностями исходного текста, методами его восприятия и задачами, поставленными при переработке текста.
ABSTRACT
This article deals with the essays and summaries as classroom written assignments that test students' speaking and thinking skills. The purpose of this work is to identify the themes, microthemes, and main ideas of the text, analyze the content and structure of the text, create a plan and compositional scheme for written works (essays and presentations); develop speech, and reinforce skills in the correct construction of sentences and spelling. Depending on the purpose and objectives of the training, the level of knowledge, methods such as analysis of oral or written text, creation of a compositional scheme, plan, working materials and editing of the text (essays and presentations), as well as determining the conditions of the speech situation, discussion of the first versions of oral and written statements are used. As a result, it turns out that short essays are distinguished by their small size compared to full-length essays, the specific brevity of the topic and micro-topic, and also, in accordance with their compositional and genre features, the same requirements are imposed on them as on ordinary essays. It turns out that exposition is one of the most effective means of developing students' intellect, thinking, and speech; its key characteristics are closely linked to the characteristics of the original text, the methods of its perception, and the tasks set during text processing.
Түйүндүү сөздөр: жазуу жумуштары; көнүгүү; кепти өстүрүү; текст; тема; чакан тема; дилбаян (эссе); түп нуска текст; баяндама.
Ключевые слова: письменные работы; упражнение; развитие речи; текст; тема; микротема; сочинение (эссе); исходный текст; изложение.
Keywords: written work; exercise; speech development; text; topic; microtopic; composition (essay); original text; presentation.
Жазуу жумуштарына көлөмү боюнча чакан дилбаяндар кирет. Мындай дилбаяндар көлөмү жагынан толук дилбаяндарга караганда чакандыгы, теманын конкреттүү кыска мүнөзү менен өзгөчөлөнүп турат жана композициялык-жанрдык өзгөчөлүктөрүнө карай аларга кадимки эле дилбаяндарга коюлуучу талаптар коюлат. Кошумча тилдик тапшырманын татаалдыгына карай лексикалык, грамматикалык (морфологиялык, синтаксистик), стилистикалык жана башка тапшырмасы бар дилбаяндар болуп бөлүнүшөт. Мындай дилбаяндар билимди, билгичтиктерди жана машыккандыктарди бекемдөө үчүн пайдаланылат.
Дилбаянга даярдыкты мугалим тема жөнүндө жарыялап, окуучуларга 1-2 жума күн мурда белгилүү бир тапшырмаларды берүү менен баштайт. Мисалы, окуучуларга жаздын келишин сүрөттөө милдети коюлат. Мугалим сөз жалпы жонунан жазгы табияттын көрүнүшүн сүрөттөө зарылдыгын белгилейт, бирок ар бир окуучу өзүнүн гана таасирлениши жана байкоосу жөнүндө жазат.
Алардын болжолдуу тематикасы төмөнкүдөй болушу мүмкүн: «Биздин айыл», «Мектептин бакчасында», «Жаздын келиши», «Талаа гүлдөрү», «Жазгы суунун кириши», «Сары кар», «Жазгы айдоо», «Алгачкы канаттуулар», «», «Күзгү терим» ж.б. Албетте, булар болжолдуу тематика. Булар окуучулар тарабынан өзгөртүлөт жана толукталат. Мугалим даярдыкка бөлүнгөн 1-2 жуманын ичинде балдарды өзүнүн темасын издөөгө, аны ачуунун жолдорун табууга үйрөтөт. Ошондуктан, мугалим аларды курчап турган жандуу табияттын көрүнүшүн байкоого, темага байланыштуу көркөм чыгармалардан тексттерди үйрөнүүгө багыттайт.
Үйрөтүүчү дилбаян. Кептин психологиясынан алып караганда текст түзүү кеп ишмердүүлүгүнүн эки түрүн: текст түзүүнү ойлонуштурууну, байланыштын стратегиясын жана тактикасын, аны түзүүнү камтыйт. Ойлонуштуруу – бул инсандын өз текстин ички пландаштыруусу. «Текст түзүү сүйлөө жана жазуу процессинде ишке ашат, алардын негизги механизмдери болуп ой жүгүртүүнүн ички операциялары саналат. Текстти ички пландаштыруу биринчи кезекте материалдарды жыйноо жана системага салуу билгичтиктерине таянган баяндаманын жүрүшүнүн тартибин ойлонуштуруу болот. Дилбаянга материал жыйноо билгичтиги тексттин бөлүктөрүнүн ортосундагы таяныч сөздөрдү жана байламталарды табуу менен байланыштырылат. Бир нерсе жөнүндө айтууну (жазууну) каалаган адамдын берейин деген ою, кептин темасы болот. Дилбаянга зарыл материалдарды кептин түрүнө жараша таяныч сөздөрдү, ал эми тексттин темасына ылайык сөз айкаштарын, сүйлөмдөрдү тандоону камтыйт» [4, 176-б.].
Топтолгон материал дилбаян эмес экендиги дайын. Материалды системага салуу, б.а. жыйналган материалдан зарылдыгына жараша дилбаяндын темасын жана негизги оюн ачуу жана микротемага ат коюу зарыл болот. Андан соң материалдарды темалар, өз алдынча суроолор боюнча топтоштуруп, акырында чакан темалардын орун тартиби аныкталат. Оозеки жана жазуу кебине материалдарды тандоо билгичтиги тексттин планын түзө билүүнү өзүнө камтыйт. План - тексттеги материалдын топтоштурулушун чагылдырат жана баяндоонун урунтуу учурларын белгилейт.
План жумушчу материалдарды жыйнаганга чейин, иштөө процессинде жана аларды анализдөөнүн натыйжасында келип чыгышы мүмкүн. Бул теманын мүнөзүнө, автордун даярдыгына жараша болот. Эгерде окуучу тексттеги кептин түрүн билсе жана анын схемасын багыт кылып алса, материалдарды топтоштуруу бир топ жеңил жүрөт.
Текст жана анын маанилик, функциялык жана формалык орду, аткарган кызматы боюнча бир катар аныктамалар бар экендиги маалым.
«Текст бир максатты көздөй багытталган жана практикалык милдеттерди камтыган мазмунга ээ, аталышы бар чыгарма болуп саналат» [2, 524-б.]. «Тексттин аталышында тема же негизги ой болушу мүмкүн. Текст сүйлөмдөгүдөй ойду гана бербестен, ошол ойду андан ары өнүктүрүү үчүн түзүлөт. Ойдун өнүгүшү синтаксистик түзүлүштөрдүн алмашуусун талап кылат» [6, 7-б.]. «Тексттин маанилүү белгиси болуп анын бүтүндүгү саналат. Бүтүндүк мазмундун (тематикалык биримдиктин), функциянын (стилистикалык биримдиктин) жана форманын (структуралык биримдиктин) деңгээлинде билинет» [5, 84-б.]. «Текст структуралык жана стилистикалык биримдик катары төмөнкүдөй жалпы белгилерди камтыйт: байланыштуулугу, бүтүндүгү жана бүткөндүгү. Ал сүйлөмдөрдүн өзгөчө топторунан (сүйлөмдөн чоң биримдиктерден) жана абзацтардан турат. Алардын курамындагы сүйлөмдөр маанилик жана грамматикалык жактан өз ара байланышта болот» [7, 9-б.].
Иш тексттин аталышын тандоо менен башталат. Мисалы, дилбаяндын негизги оюна жараша материал тандалат. «Балдар эмне үчүн каникулду сүйүшөт?» - деген суроо менен баштасак, маселе каникул жөнүндө жүрүшү мүмкүн. Эгерде «Мен каникулда эмне иш кылдым?» деген тезис менен баштасак, материалды тандоодо өзгөрүү болуусу күтүлөт. Мында, албетте, маселе баяндоо материалдын өзөгүн түзмөк. Жыйналган материалдар чакан темалар боюнча топтоштурулат. Чакан тема (микротема) - теманын бир бөлүгү, пландын бөлүктөрү. Дилбаянда каникулдагы бүткөрүлгөн иштердин кээ бирлери саналып өтүлөт.
Даяр тексттин негизинде талдоо мүнөзүндөгү жумуштар. Автордун чыгармасынын негизги оюн аныктоо; тексттин үзүндүсүнө ат коюу; чыгарманын милдетине карай тилдик каражаттардын зарылдыгын тактоо; баштапкы текст менен кийинки текстти өз ара салыштыруу ж.б. Даяр текст боюнча талдоо-топтоо мүнөзүндөгү жумуштар. Мындай жумуштарга даяр текстти талдоо жана анын базасында тексттин элементтерин түзүү кирет. Автордун негизги оюн берүү; ат коюу; тексттин композициялык схемасын түзүү ж.б.
Даяр текстти өркүндөтүү максатында кайра иштеп чыгуу жумуштары. Тексттин мазмунундагы жана кептин курулушундагы кээ бир мүчүлүштүктөрдү четтетүү; максатына карай текстке цитаталарды кошуу.
Даяр тексттин негизинде жаңы текстти түзүү жумуштары. Текстти же тексттин үзүндүсүн толук кайра айтып (же жазып) берүү; даяр тексттин негизинде белгилүү бир темада оозеки билдирүү даярдоо; уккан аңгемени жазып алуу; андагы каралган маселеге жараша текстке толуктоо киргизүү.
Өзүнүн текстин түзүүгө көнүгүү жумуштары. Сөз сүйлөөнүн тезисин түзүү; кыскача макала жазуу; өткөрүлгөн тажрыйбаны илимий стилде сүрөттөп жазуу; жолдошунун дилбаянына пикир жазуу; белгилүү бир темада баяндама даярдоо. «Оозеки кеп сүйлөшүү, б.а. башка бир адам менен баарлашуу учурунда, аны менен көзмө-көз көрүшүп, анын сөзүн угуп, ага сүйлөп жаткан кезде жаралат. Оозеки кеп (эгерде ал текстти жатка айтуу же үнүн чыгарып окуу болбосо) – бул сөзсүз импровизация. Алдын ала даярдыксыз сүйлөө анын негизги белгиси болуп саналат» [3, 7-б.].
Баяндама баштапкы тексттин негизинде өзүнүн текстин түзүүчү жумуштун бир түрү. Баяндама окуу ишмердүүлүгүндө окуучулар үчүн өздөштүрүү каражаты, ал эми мугалимдер үчүн окуу материалынын өздөштүргөндүгүн текшерүүчү каражаттардын бири катары окуу ишмердүүлүгүндө белгилүү орунду ээлейт. «Баяндама окуучулардын эс-акылын, ой жүгүртүүсүн жана кебин өстүрүүнүн натыйжалуу каражаттарынын бири болуп саналат. Баяндаманын негизги мүнөздөмөсү баштапкы тексттин өзгөчөлүктөрү (татаалдыгы, көлөмү), аны кабылдоонун ыкмалары, текстти кайрадан иштеп чыгуунун алдында коюучу милдеттери менен тыгыз байланышта турат» [4, 285-б.].
Баштапкы тексттин көлөмүнө карата кенен, толук жана тыгыздалган баяндамалар болуп бөлүнүшөт. Толук баяндоонун милдети баштапкы тексттин мазмунун мүмкүн болушунча кенен жана толук кайра баяндап берүү. Тыгыздалган баяндаманын милдети ушул эле мазмунду кыска, жалпылаштырып берүү. Бул баштапкы тексттин негизгисин, керектүүсүн жана башкысын тандап алуу, жалпылаштыруу жана бөлүп чыгаруу, керектүү тилдик каражаттарды табуу жана тыгыздалган тексттерди түзүү көнүккөндүктөрүн талап кылат.
Эгерде толук баяндамада баштапкы тексттин стилдик өзгөчөлүктөрү сакталса, тыгыздалган баяндамада бул милдеттүү эмес. Мисалы, публицистикалык тексттин тыгыздалган баяндамасынын аннотациясы иш кагаздар стилинде жазылышы мүмкүн. Баштапкы тексттин мазмунуна карай толук, тандалма баяндамалар, ошондой эле кошумча милдети бар баяндамалар болуп бөлүнүшөт. Толук баяндамада тексттин баштапкы мазмуну толугу менен берилет.
Мындай баяндамаларды экиге бөлүүгө болот:
1. Текстте баяндалган маселе боюнча суроолорго жооп берүү, өзүнүн пикирин айтуу сунуш кылынат. Бул учурда баштапкы текстке эч кандай өзгөртүү киргизилбей, автор өзүнүн текстин түзөт. 2. Баштапкы тексттин башталышын (киришүүсүн) жана аягын (корутундусун) жазып чыгуу сунуш кылынат, же текстте козголгон маселе боюнча сүрөттөөнүн, баюндоонун, ой жүгүртүүнүн элементтерин кошуу же текстти башка адамдын, башка адабий каармандын атынан текстти баяндоо. Бул учурда баяндама мазмуну боюнча баштапкы тексттен айырмаланып турат.
Тилдик тапшырмасы бар баяндамалар кыргыз тилинин негизги программасын өздөштүрүү менен сөз өстүрүү иштеринин ортосундагы өз ара байланышты ишке ашыруудагы каражат болуп саналат. Баяндаманын түрлөрүн баштапкы тексттин тематикасы (табият, жаныбарлар, эмгек, достук ж.б.), баштапкы тексттин жанрдык-композициялык өзгөчөлүктөрү (баяндама-сүрөттөө, илимий макала, көркөм чыгарманын баяндамасы ж.б.) боюнча бөлүүгө болот. Оозеки жана жазуу жүзүндөгү баяндамалар баштапкы билим берүүдөгү атайын үйрөтүүнүн предмети болуп саналат. Бул иштер окутуунун орто баскычында стили, структурасы жана маалыматтык деңгээлинин татаалдагы боюнча ар түрдүү тексттерде колдонулат.
Баштапкы текст менен иштөө белгилүү бир мезгил ичи алдын ала тилдик (лексикалык, орфографиялык ж.б.) даярдыктан өтүүсү мүмкүн. Анын максаты ар кандай каталардын жана мүчүлүштүктөрдүн алдын алуу, текстти кабылдоого даярдоо. «Жазуу жүзүндөгү баяндамалар дилбаянга коюлуучу баа коюунун нормаларынын чен өлчөмүндөй, ал эми оозеки баяндама орус тили жана адабияты предметинин оозеки баалоосунун «баа коюу нормасындагы» чен өлчөмдөгүдөй бааланат» [1, 10-б.].
Окуучулардын дилбаяндарында жана баяндамаларында синтаксистик (грамматикалык) жана стилдик (кептик) каталар көп учурайт жана аларды аныктоонун ыкмалары болот. Синтаксистик каталарды аныктоонун белгилүү ыкмалары бар. Маселен, синтаксистик суроону ээден баяндоочко карай, сүйлөмдүн баш мүчөлөрүнөн айкындооч мүчөлөргө карай коюу. Сүйлөмдүн синтаксистик структурасын обочолонгон мүчөлөрдү, киринди сөздөрдү, бир өңчөй сүйлөм мүчөлөрүн түшүрүп салуу. Сүйлөмдүн ичиндеги жана өз алдынча турган сүйлөмдөрдүн ортосундагы синтаксистик байланыштарды жана мамилелерди талдоого алуу.
Ошентип, жазуу жумуштарын ишке ашыруу машыгуулардын системасы аркылуу аныкталат, анын ар бир баскычы мурункуга таянат жана өзү кийинки тажрыйбага таяныч болуп келет. Дилбаян жана баяндамалар боюнча машыгуулардын системасы убакытты жана жазуу ишин үнөмдөөгө, бири-бирин кайталоолордон арылтууга, окуучуларды жаңы материалдарды өздөштүрүүгө өз убагында даярдыкка келүүсүнө жагымдуу шарт түзөт.
Адабияттардын тизмеси:
- Арефьева С. А. Проверка сочинений учащихся. // Русский язык в школе. - М. – 2001. - №1. – С. 7-13.
- Гальперин И. Р. Грамматические категории текста (Опыт обобщения) // Известия АН СССР. Сер. лит и яз., т. 36. - 1977. - №6. - С. 522–532.
- Земская Е. А. Городская устная речь и задачи ее изучения // Разновидности городской устной речи. – М.: Наука. - 1988. – 259 с.
- Казарцева О. М. Культура речевого общения: теория и практика обучения. – М.: 4-е изд., Флинта: Наука. - 2001. – 336 с.
- Новое в зарубежной лингвистике // Сборник статей. Вып. 17. Теория речевых актов. Ред. И. М. Кобозева, В. З. Демьянков. - М.: Прогресс. – 1986. – 422 с.
- Лосева Л. М. Структурно-семантическая организация целых текстов. – Одесса. - 1973. – 214 с.
- Эшиев А. М. Окуучулардын байланыштуу кебин өстүрүүнүн айрым жолдору (5-7-класстар). – Фрунзе. - 1995. - 65 с. (Некоторые способы развития связной речи учащихся (5-7 классы)).
дипломов

