Телефон: 8-800-350-22-65
WhatsApp: 8-800-350-22-65
Telegram: sibac
Прием заявок круглосуточно
График работы офиса: с 9.00 до 18.00 Нск (5.00 - 14.00 Мск)

Статья опубликована в рамках: Научного журнала «Студенческий» № 18(272)

Рубрика журнала: Информационные технологии

Скачать книгу(-и): скачать журнал часть 1, скачать журнал часть 2, скачать журнал часть 3, скачать журнал часть 4, скачать журнал часть 5, скачать журнал часть 6, скачать журнал часть 7, скачать журнал часть 8, скачать журнал часть 9, скачать журнал часть 10

Библиографическое описание:
Сайдакматова А.С., Дуйшобаева А.А. ЗАМАНБАП ВЕБ ТИРКЕМЕЛЕРДИ ИШТЕП ЧЫГУУ ҮЧҮН ФРЕЙМВОРКТӨРДҮ ТАЛДОО // Студенческий: электрон. научн. журн. 2024. № 18(272). URL: https://sibac.info/journal/student/272/330991 (дата обращения: 16.06.2024).

ЗАМАНБАП ВЕБ ТИРКЕМЕЛЕРДИ ИШТЕП ЧЫГУУ ҮЧҮН ФРЕЙМВОРКТӨРДҮ ТАЛДОО

Сайдакматова Альмаида Сайдакматовна

магистрант Ош мамлекеттик университети,

Кыргызстан, Ош

Дуйшобаева Айгерим Аскербековна

магистрант Ош мамлекеттик университети,

Кыргызстан, Ош

Омаралиев Абдималик Чырмашевич

научный руководитель,

илимий жетекчи, п.и.к.,доцент, Ош мамлекеттик университети,

Кыргызстан, Ош

АННОТАЦИЯ

Бул макалада заманбап веб-тиркемелерди иштеп чыгуу үчүн колдонулган популярдуу фреймворктөр каралат. Азыркы учурдагы эң популярдуу фреймворктөрдүн негизги факторлоруна талдоо жүргүзүлдү.

 

Негизги сөздөр: веб-тиркеме, иштеп чыгуу, фреймворк, веб-тиркемелерди иштеп чыгуу, кроссплатформалуу, javascript, typescript.

 

JavaScript тили frontend - иштеп чыгуучулардын арасында ишенимдүү популярдуулукка ээ. Аны менен кызыктуу интерфейс чечимдерин ишке ашырууга, интерактивдүү жана эргономикалык сайттарды түзүүгө болот, ошондой эле веб тиркемелерди иштеп чыгуу жөнөкөй жана түшүнүктүү.

Дайыма жаңыланып, өркүндөтүлүп турган көптөгөн фреймворктөр бар жана эң ылайыктуу фреймворктү тандоо татаал тапшырма болуп эсептелет.

Проектти түзүүнүн баштапкы этабында технологияны тандоого жардам бере алган, талдоо жүргүзүү максатка ылайыктуу болот. Фреймворк -бул веб-тиркеменин структурасын аныктоочу платформа. Анын функционалдуулугу веб-ресурстун сервер менен өз ара аракеттенүүсүн жүргүзүүгө мүмкүндүк берет.

Фреймворктү колдонбостон жазылган веб-сайттарда баштапкы мазмун(контент) серверде сакталат. Ошондуктан, сайтка жаңы материалды жүктөөдө баракты кайра жүктөө талап кылынат.

Ошол эле фреймворктүн артыкчылыгы-бир конфигурациядан башкасына сакталып турган өзгөрүлбөс блоктор. Бул колдонуучу менен жаңы контент(мазмун) кошууда заматта кайтарым байланышын түзүүгө мүмкүндүк берет.

Бул принципти бир барактуу веб-тиркемелерди, электрондук тиркемелерди, булутту кызматтары жана көптөгөн социалдык тармактарды түзүүдө байкоого болот. Ошентип, колдонуучунун бир бөлүмдөн башка бөлүмгө өтүшү заматта жүзөгө ашырылат. Барактын ашыкча жүктөлүшү болбойт, анткени проекттин туруктуу бөлүгү-каркасы өзгөрүүсүз калат.

Фреймворктү колдонуунун артыкчылыктары:

  • фреймворк толугу менен акысыз жана ачык булак;
  • орнотулган шаблондорду колдонуу жогорку сапаттагы (проектти)долбоорлорду түзүүгө жардам берет, бул коддун азыраак саптарын камтыйт;
  • жогорку ылдамдыктагы иштеп чыгуу документтерге ачык жетүү жана көптөгөн форумдардын жардамы менен жетишет.

Проекттерди классикалык JS жана HTML менен ишке ашыруунун артында көптөгөн кыйынчылыктар турат, натыйжада рынокто көптөгөн фреймворктөрдүн пайда болушуна алып келет. Бирок веб-иштеп чыгуучулар арасында эң популярдуу Angular, React и Vue (Сүрөт 1) бойдон калууда.

 

1-сүрөт. Популярдуу фреймворктөр

 

Angular

Angular – Google *(По требованию Роскомнадзора информируем, что иностранное лицо, владеющее информационными ресурсами Google является нарушителем законодательства Российской Федерации – прим. ред.) компаниясы тарабынан иштелип чыккан кроссплатформалдуу фреймворк. Ал катуу иерархияны карманат жана комплекстүү чечимдер үчүн чоң инфраструктураны билдирет. Фреймворктүн сервердик кызматынын бир бөлүгү кардар тарапка өткөрүлүп берилет, бул серверге жүктөөнү(нагрузка) төмөндөтөт [1].

Angularда колдонулган TypeScript тилинин катуу типтештирүүсүнүн жардамында иштеп чыгуу түшүнүүгө ыңгайлуу жана оңой. Компиляцияда код JavaScriptке которулат, башкача айтканда, TS -иштеп чыгуу этабында гана колдонулат.

Angularдын кошумча артыкчылыктары:

  • жеткиликтүү документтер;
  • иштеп чыгуу үчүн күчтүү куралдар;
  • коомчулукту колдоосу;
  • актуалдуулук;
  • туруктуулук.

Фреймвортүн алсыз жагы - жогорку кирүү босогосу, анткени JS – TypeScript тил топтому менен тааныш болуу керек (сүрөт.2).

 

2-сүрөт. TypeScript'теги мисал код

 

Башка көйгөй жаңы версиялардын үзгүлтүксүз чыгышы -2020-жылы Angular 9 [2].  киргизилген. Башкача айтканда, берилген фреймворк менен иштөө үчүн билимди системалуу түрдө өркүндөтүү керек. Ошондой эле, Angularда чоң мүмкүнчүлүктөр үчүн өндүрүмдүүлүктү жүктөө үчүн төлөө туура келет.

React.js

React - ачык булактуу функциялардын библиотекасы, аны колдонуучунун интерфейсин иштеп чыгуу үчүн колодонулат [3]. Фреймворк JavaScript библиотексын туташуусу менен гана

толук деп эсептелет.

Reactтын күчтүү жактары:

  • Facebook колдоосу (признана экстремистской и запрещена на территории Российской Федерации);
  • жогорку иштөө ылдамдыгы;
  • чоң community;
  • кроссплатформалдуу;
  • UI иштеп чыгууда айрым компоненттердин негизинде;
  • Virtual DOM технологиясы (высокая производительность).

 

3-сүрөт.

 

Бирок, иштөө үчүн үчүнчү жактын библиотекасына болгон муктаждык өнүгүү процессин чаташтырат. HTML жана CSS кодун жазууда стандарттар жок, Angular жана Vue.JS конкуренттеринде бар. Reactты бардык стандарттуу браузерлер колдобогондуктан, кошумча плагиндерге кайрылууга туура келет [4].

Төмөнкү деңгээлдеги функционалды башкарууга мүмкүнчүлүк бар, бирок башталгычтар үчүн бул терс көрүнүш. Ошондуктан, React тажрыйбалуу иштеп чыгуучулар үчүн ылайыктуу.

Vue.js

Vue.js-бул прогрессивдүү жана ачык булактуу JavaScript фреймворк, китепкана катары да колдонулат. Жогоруда айтылган фреймворктөрдүн айырмаланып үйрөнүү оңой, ошондой болсо да өндүрүмдүүлүгү боюнча React алдыңкы орунда.

Белгилей кетчү нерсе, бул куралды түзүүнүн артында бир гана таланттуу иштеп чыгуучу - Эван Ю. Турат,  ушундан улам чоң корпорациялар бул куралды скептицизмдин бөлүгү катары кабыл алышат. Ошого карабастан Vue.js кытай компаниялары, айрыкча белгилүү Xiaomi арасында суроо-талапка ээ.

Бул фреймворк негизинен  көрүнүш үчүн жооп берет, ошону менен башка проект жана библиотекалар менен иштөөнү жөнөкөйлөштүрүүгө мүмкүндүк берет. Vue.js чакан проекттерге көбүрөөк туура келет.

Күчтүү жактары:

  • ылдамдык;
  • аз салмак;
  • тактык;
  • HTML, CSS стандарттарын колдоо;
  • TS , JSX колдоо;
  • кирүү босогосу төмөн.

Алсыз жактары жетиштүү чоң эмес community жана структуранын жоктугу. Бирок Vue.js даражасы убакыттын өтүшү менен өсүп жатат.

 

4-сүрөт. Vue

 

Жыйынтык

Барган сайын заманбап веб-проекттерди түзүү үчүн иштеп чыгуучулар JavaScript фреймворктөрүн колдонуп жатышат. Фреймворктөрдүн бирин тандоодон мурун талаптарды тактоо, инструменттердин ар биринин артыкчылыктарын талдоо керек.

Эгерде проектте  TypeScript же JSX технологиялар бар болсо, анда Angular жана React фреймворктөрүн тандашыбыз керек. Бирок, нөлдөн баштап жазылган же өзгөртүлгөн проект үчүн, албетте Vue.js ылайыктуу.

Жогоруда талкууланган бардык фреймворктөр frontend - иштеп чыгуучулар арасында популярдуу жана веб иштеп чыгуу рыногунда алдыңкы орундарды ээлеп, өнүгүүнү улантууда. Диаграммадан байкасак, учурда  популярдуулугу боюнча Vue алдыга чыгып, Reactтан озуп кеткен.

 

5-сүрөт. GitHub боюнча фреймворктөрдүн попудярдуулук диаграммасы

 

Колдонулган адабияттар:

  1. Дари, К. AJAX и PHP. Разработка динамических веб-приложений / К. Дари. - М.: Символ-плюс, 2023. - 745 c.
  2. Дари, Кристиан AJAX и PHP. Разработка динамических веб-приложений / Кристиан Дари. - М.: Символ-плюс, 2019. - 475 c.
  3. Джесс, Чедвик ASP.NET MVC 4. Разработка реальных веб-предложений с помощью ASP.NET MVC / Чедвик Джесс. - М.: Диалектика / Вильямс, 2020. - 995 c.
  4. Дэвид, Хэррон Node.js. Разработка серверных веб-приложений на JavaScript / Хэррон Дэвид. - М.: ДМК Пресс, 2019. - 667 c.
  5. Колисниченко, Д.Н. PHP и MySQL. Разработка веб-приложений / Д.Н. Колисниченко. - М.: БХВ-Петербург, 2015. - 771 c.
  6. Колисниченко, Денис PHP и MySQL. Разработка веб-приложений (5-е издание) (pdf+epub) / Денис Колисниченко. - М.: БХВ-Петербург, 2021. - 521 c.
Удалить статью(вывести сообщение вместо статьи): 

Оставить комментарий

Форма обратной связи о взаимодействии с сайтом
CAPTCHA
Этот вопрос задается для того, чтобы выяснить, являетесь ли Вы человеком или представляете из себя автоматическую спам-рассылку.